Токмоктогу жол кырсыгынан сегиз киши каза тапты

Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагында эки унаа сүзүшүп, анын кесепетинен сегиз киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минитрлиги кабарлады.

Жол кырсыгы 20-декабрь күнү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 66 километринде болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Volkswagen менен KIA үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Sputnik Кыргызстан басылмасы Volkswagen унаасында бир үй-бүлөдөн сегиз киши болгонун, анын алтоосу каза болгонун жазып чыкты. Алар:

  • 35 жаштагы айдоочу;
  • Айдоочунун 26 жаштагы аялы;
  • Айдоочунун 63 жаштагы атасы;
  • Айдоочунун 58 жаштагы апасы;
  • Айдоочунун 7 жаштагы кызы;
  • Айдоочунун 2 жаштагы уулу.

Мындан сырткары унаада айдоочунун кызы жана 41 жаштагы эжеси болгон — алар Токмок аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми KIA унаасында үч киши болгон: 19 жаштагы бала менен 54 жаштагы аял кырсык болгон жерден көз жумуп, 28 жаштагы айдоочу ооруканага түшкөн. Учурда айдоочунун абалы канааттандырарлык.