Чүйдө милиционер 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Финансы полициясы Чүй облусунун Сокулук РИИБнин кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармады.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясына жергиликтүү тургун кайрылып Сокулук милициясынын ыкчам өкүлү андан 3 миң доллар талап кылганын билдирген.

Ал эми 21-декабрда Финпол жана ИИМдин кызматкерлери шектүү 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармады.

Кармалган адам Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин УКМК Жалал-Абад облусунун Сузак районунда милициянын кызматкерин 30 миң сом пара алып жаткан учурда кармаган. Милиционер кылмыш ишти кыскартуу үчүн жалпысынан 1 миң доллар талап кылган. Атайын кызмат бул окуя боюнча «Опузалап пара алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.