Орусия Кыргызстандын газдын баасын арзандатуу өтүнүчүн четке какты — депутат Эсенаманов

Депутат Замирбек Эсенаманов 22-декабрда парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу комитетинин жыйынында Орусия Кыргызстандын өкмөтүнүн газдын баасын 150 доллардан 100 долларга төмөндөтүү өтүнүчүн четке какканын билдирди.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Вероника Исаева орус тараптан өтүнүчкө терс жооп келгенин тастыктады.

Депутат Эсенаманов «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынан алардын чыгымдарынын нарк эсебин сураган. Компаниянын башчысынын орун басары Арзымат Алдаяров 1 кубометр жаратылыш газынын өз баасы 20,2 сомду түзөөрүн айтты.

Анын айтымында, Кыргызстандагы газдаштыруунун деңгээли «Газпром» келгенге чейин 22%ды түзгөн.

«Газдаштыруу программасынын алкагында, 2020-жылдын жай мезгилине карата газ түтүктөрүн тартып келүү 33%га жеткен. Ал эми жылдын аягына карата бул көрсөткүч 35% болду. 2030-жылга чейин «Газпром» өлкөдөнү газдаштырууну 60%га жеткирүү милдетин алган», – деп билдирди Алдаяров.

Газдаштыруу

Мурдараак премьер-министрдин м.а. Артём Новиков Бишкек ЖЭБин газ отунуна өткөрүү мүмкүндүгү боюнча эсептерди жүргүзүүнү тапшырган. Мындан тышкары, премьер-министрдин м.а Бишкектин айланасындагы кошуштарды газдаштырууну, коомдук жана жеңил транспортту газ кыймылдаткычына өткөрүүнү сунуштаган.

Новиковдун айтымында, Бишкек шаарынын айланасындагы 22 калктуу конуш газга туташтырылган — бул 14 миң үй газ киргизгенин билдирет. Дагы беш конушта жумуштар аягына чыгып калган.

Улуттук энергохолдингдин башкаруучулугунун төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев 14-декабрдагы басма сөз жыйында 2020-2021-жылдагы жылытуу сезонуна даярдыктар тууралуу айтып берген.

Ал маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт деп убадалаган. Бирок анын айтымында, электр энергиясы ашыкча көп пайбаланылган учурда автоматтык өчүргүчтөр иштеп кетиши мүмкүн, алар адатта ашыкча жүк келип кеткенде иштейт жана ал өчүрүүлөргө алып келиши мүмкүн.

«Ушуга байланыштуу, элди тамак-аш даярдоо жана үйдү жылытуу үчүн электр энергиясын колдонбоого чакырып кетким келет, күтүүсүз кырдаалдар болбошу үчүн көмүр, газ сыяктуу альтернативдик булактарды колдонууга чакырып кетким келет», — деди Бердиев.

«Кыргызгаз» жана «Газпром»

2014-жылы Кыргызстанда мыйзам долбоору кабыл алынган, ага ылайык, «Газпром» «Кыргызгаздын» ээси болмокчу.

Кыргыз депутаттары «Кыргызгазды» сатууга бир айдан ашык убакытка созулган талаш-тартыштардан кийин өз макулдуктарын беришкен. Талкуунун жүрүшүндө оппозиция мыйзам долбоору өлкөнүн көз карандысыздыгына коркунуч жаратат деп, аны өткөрбөй коюууга аракет кылган.

Жыйынтыгында «Кыргызгаз» «Газпромго» 1 АКШ долларына (50 сомго чукул) сатылган. Аны менен катар орус компаниясы «Кыргызгаздын» ондогон миллион долларлык карыздарын төлөп кутулуу милдетин алган.

Макулдашуунун тарапташтары «Газпром» өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү менен өлкөнүн газ тармагындагы инфраструктурасын кызмат көрсөтүүнүн жогорку денгээлинде кармап тура алаарына ишенишет.

«Газпром» жабдуулар менен магистралдык газ түтүктөрүн модернизациялап, өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанды көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу милдетин алууда — мунун бардыгы үчүн компания 20 миллиард орус рублин (29,7 миллиард сом) инвестициялайт.

Кыргызстандын өкмөтү «Газпром» көгүлтүр отко болгон бааны бийликтегилер менен макулдаша тургандыгын айтып, ишендирген.