«Оюнчук тапанча». Жапаровдун өкүлү аны мамкүзөт коштобогонун БШКга далилдөөгө аракеттенди

Мамкүзөттүн кызматкерлери аймактарды кыдырууда президенттикке талапкер Садыр Жапаровду коштоп жүрүшкөн жок. Бул тууралуу Жапаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин 22-декабрда БШКнын жумушчу тобунун жыйынында айтты. Мындан тышкары ал Жапаровдун күзөтчүсү оюнчук тапанча жана тарапташтарынын каттары салынган жагдан көтөрүп жүрөт болушу керек деп болжоду.

Жыйында Factcheck.kg басылмасынын иликтөөсүнүн негизинде Жапаровдун админресурс колдонуп-колдонбогону боюнча маселе каралды. Басылманын башчысы Болот Темиров үгүт өнөктүгү башталган күндөн бери эле талапкерди УКМКнын 9-бөлүмүнүн (Мамкүзөт кызматы) кызматкерлери коштоп жүрөт деп билдирүүдө.


«Ал жерде турган адамдар — Садыр Нургожоевичти коштоп жүргөн шайлоо алдындагы штабдын кызматкерлери. Ал кызматын өткөрүп берген күндөн тартып эле СГОнун кызматкерлери аны бир дагы иш-чарада коштоп жүрүшкөн жок», — деп билдирди Мощин.


Ал Жапаров жана шайлоо штабы шайлоо мыйзамдарына ылайык аракеттенүү шартын койгонун айтты. Мощиндин айтымында, ал мамкүзөт кызматы менен байланышууга аракет кылган, бирок ага ал жактан суук жооп беришкен, себеби анда аларга кайрылууга укук жок.

«[Мамкүзөттөн] үгүт өнөктүгү башталгандан бери анын [Жапаровдун] жанында эч кандай кызматкерлер болбогонун айтышты», — деди Жапаровдун өкүлү.

Ошол эле кезде Мощин Жапаровдун сапарларынан тартылган видеоматериалдар менен сүрөттөрдү өз алдынча талдап чыккан Factcheck.kg порталынын журналисттери менен соцтармактардын колдонуучулары келген бүтүмдөрдү «тастыктап да», «төгүндөгөн да» жок.

Ал бир нече жолу Жапаровдун бир үгүт иштерине эч кандай мамкызматкерлер тартылбаганын баса белгиледи.

Анда жыйынга катышып отурган Болот Темиров УКМКнын 4-декабрдагы билдирүүсүн көрсөттү. Анда Жапаровду мамкүзөттүн кызматкерлери коштогонду улантып жатканын, себеп дегенде ал кызматын убактылуу өткөрүп бергени менен дагы деле премьер-министр болуп эсептелет деп айтылат.

Мощин буга жооп берип, ага премьер-министрдин иш башкармалыгынын тынчсызданган басма сөз катчылары чалышканын, аларда Жапаровду мамкүзөттүн кызматкерлери коштоп жүргөнү тууралуу маалымат болгон эмес.

Мощиндин айтымында, премьер-министрдин аппараты УКМКнын билдирүүсүн ырастай турган пресс-релиз берген эмес, анткени буга «далил табылган эмес».

Жумушчу топтун мүчөсү Сырга Исабаева Мощинден ошол иш-чарада сахнада талапкердин артында үгүт символикаларын кармап тургандардын баарынын тизмесин берүүнү сурады. Жапаровдун өкүлү маселе жок экенин, «эгер алар штабдын кызматкерлери болсо» берерин айтты.

«Оюнчук тапанча»

Factcheck.kg порталынын башчысы Болот Темиров БШКнын жумушчу тобуна видеону берип, анда Садыр Жапаровду «тапанчанын кабын тагынып жүргөн адам» коштоп жүргөнүн көрсөткөн.


«Келгиле бул маселени дагы тактап алалы. Анткени бул кайра эле оюнчук тапанчага байланыштуу. Жок, мен эми түшүндүрүп берейин. Бизде ар кандай шылтоолор менен униформа жана буга байланыштуу ар түрдүү элементтерди кийип алган сүйүүчүлөр бар эмеспи. Мен бул фактыны танган жокмун, бул маселени тактайын», — деди видеонун үзүндүсүн көргөн Мощин.


Ал куралдануу боюнча адис болбогондуктан видеодон «кандайдыр бир өзгөчө эч нерсе көрбөгөнүн» жана эч нерсе айта албасын билдирди.

Кат салынган чемоданды же коргоочу механизмби?

Андан кийин Темиров Жапаровдун жанында дайыма колдоруна чемодан көтөргөн адамдар жүргөнүн билдирди. Анын айтымында, мамкүзөт кызматы мындай чемодандарды өлкөнүн биринчи адамдарын коргоо үчүн колдонушат — ал жайылып, чоң калканга айланат.

Жапаровдун «штаб кызматкеринин» колунда Темиров атаган чемодан

«Бул чемоданда жолугуу үчүн келген адамдардын каттары жана арыздары салынган», — деп жооп берди Мощин.

Иликтөөчү бул чемондардарды Жапаров президенттин милдетин аткарып жүргөн кезде, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жана башка өлкө башчыларынын сүрөттөрү аркылуу аныктап бере аларын айтты.

БШКнын басма сөз катчысы отурумдун жыйынтыгында, чындап эле атайын кызматтын өкүлдөрү Жапаровду иш-сапарларда коштоп жүрөбү деген суроо менен УКМКнын алдындагы Мамлекеттик күзөт кызматына расмий суроо жөнөтүү чечими кабыл алынганын «Клоопко» билдирди.

Factcheck.kg порталынын иликтөөсү

16-декабрда Factcheck.kg басылмасы Жапаровду коштоп жүргөн күзөтчүлөр тууралуу видео иликтөө жарыялаган. Журналисттер аларды байланышуучу атайын кулакчындар, ошондой эле күзөт жабдуусу боюнча аныкташкан.

Андан кийин алар Жапаровдун президенттин м.а. болуп турган маалдагы расмий иш сапарындагы сүрөттөрдү Талас облусундагы жолугушуусунун видоесу менен салыштырышкан. Журналисттер ошону менен мамкүзөттүн эки кызматкерин аныктай алышкан.

Боршайком 17-декабрда Башкы прокуратура менен ИИМге кайрылып, журналисттер менен соцтармак колдонуучуларынын Жапаров үгүт өнөктүгүндө админресурс колдонуп жатат деген билдирүүлөрүн иликтөөнү тапшырган. Азырынча укук коргоо органдары бул учурга комментарий бере элек.

Бирок иликтөөгө Жапаровдун штабы реакция жасаган. 18-декабрда фейсбуктун колдонуучусу Султанбек Аманбеков видео интервью жарыялаган. Анда ал Жапаровду коштоп жүргөн адамдыкына окшош куртка кийген киши менен маек курган.

Ал штабда аналитик болуп иштерин, мындай курткалар «бардык дүкөндө» сатыларын айтып, ал өзү мамкүзөткө «такыр тиешеси жок экенин» билдирген.

Factcheck.kgнин журналисттеринин айтымында, биринчи иликтөө чыккандан кийин дароо эле куртка башка адамга өтүп кеткен — иш-чарада тартылган сүрөттөрдөн «штабдын аналитиги» буга чейин башка куртка кийип жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле, анын көзүнүн жанында мең болгон, ал эми куртканы буга чейин кийип жүргөн кишинин меңи болгон эмес.

«Жыйынтык: манипуляциялоо. Садыр Жапаровдун штабы үгүт кампаниясына мамлекеттик күзөттүн кызматкерлеринин тартылбаганын жокко чыгаруу үчүн манипуляция жасаган», — деп эсептешет иликтөөчүлөр.