«Клооптун» журналисттерине кол салган Оштун полигон башчысы кызматынан кетти

Достук Жолдошов оң жактан экинчи/Нурбек Исмаилов сол жактан үчүнчү

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» калаанын таштанды талаасынын башчысы Достук Жолдошов  кызматынан кеткенин кабарлады.

Абсаттаровдун айтымында, буга чейин мэрия «Ош-Тазалык» ишканасынын башчысы Нурбек Исмаиловго журналисттерге байланыштуу маселени карап чыгып чечим чыгаруу боюнча сунуш берген.

«Биз мэрия чечим чыгара албайт экенбиз. Мындан улам ишкананын жетекчиси чечим кабыл алып, бүгүн жумуштан чыкты. Исмаилов экөө сүйлөшкөндөн кийин өз арызынын негизинде кетти», — деди Абсаттаров.

Жолдошов 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Клооптун» журналисттерине кол салып, түз эфир жасоого тоскоолдук кылган.

Журналисттерге кол салуу

Ош шаарында 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Клооптун» оператору Хамидулло Узаковго жана журналисти Айбике Адилет кызына Памир кафесинде жайгашкан №5316 шайлоо участогунда кол салуу болгон.

Журналисттерге белгисиз эки киши түз эфирге чыгууга тоскоолдук кылган. Ошол эле күнү журналисттер кол салгандардын бири «Ош-Тазалык» муниципалдык иш Оштун полигон башчысы Достук Жолдошов экенин аныкташкан. Жолдошов өзү окуя болгон жерден качып кеткен.

Ош ШИИБи «Клооптун» кызматкерлерине болгон кол салуу боюнча «Журналисттин ишине тоскоолдук кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Бирок 31-октябрда Узаковдун иши кыскартылганы белгилүү болду.

Шаардык милициядан буга соттук-медициналык экспертизадан оператордун денесинде жараат жок болгону менен негиздешкен. Бирок тергөөдө журналисттердин ишине тоскоолдук кылуу боюнча факт эске алынган эмес.

Мындан улам «Клооптун» кызматкерлеринин адвокаты Мухаё Абдураупова шаардык прокуратурага тергөөчүнүн үстүнөн арыз жазган. Бирок арыз кабыл алынган эмес. Ошондуктан Абдураупова сотко кайрылуу үчүн тиешелүү кагаздарды даярдап жатат.

Достук Жолдошов деген ким?

Достук Жолдошов — 1990-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. 2002-жылы эркин күрөш менен машыга баштаган. Мектепти аяктап Москвага кетет. Студент болуп жүргөндө дзюдо жана самбо менен да машыгат. 2015-жылы Жолдошов грепплингге кызыгат. Аны «Кличко» каймана аты менен таанымал эрежесиз эр уруш мушкери, «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Нурбек Исмаилов машыктырган. 2020-жылга чейин көптөгөн жарыштарга катышып, байгелүү орундарды жеңген.

Ош: «Клооптун» кызматкерлери аларга кол салган кишини спортчу Достук Жолдошев деп таанышты