«Сабакка кирбейсиң». Ошто мектептеги акча чогултуу боюнча териштирүү башталды

Макаренко атындагы мектеп. Сүрөт: «Азаттык»

Ош шаарындагы Макаренко атындагы орто мектебинин фондуна акча алып келбеген окуучу кызды мугалим «сабакка киргизбей койгон» окуя боюнча кызматтык териштирүү башталды. Бул туралуу «Клоопко» Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Алгач окуучу кыздын апасы Диляра Нуралиева 23-декабрда «Т-Медиа» басылмасына кайрылган. Анын айтымында, класс жетекчи анын кызына «акча алып келмейинче сабакка кирбейсиң» деп, класстан чыгарып койгон. Мугалим мектептин фондуна жаңы жылга чейин 350 сомдон акча төлөө керектигин айткан.

«Эртең менен мектепке кеткен. Сабагы жети жарымда башталат. Мен жумушка жөнөгүчө эле кайра келип калды. Ыйлап алган. “Эжекем акча алып келмейинче сабакка кирбейсиң” деп чыгарып койду деди. Ачуум келгени, сабака жакшы маанай менен барган балага эмнеге мындай мамиле кылат? Сууктун күнү болсо», — деген Нуралиева.

Ал эми окуучу кыздын класс жетекчиси Апиза Насырова журналисттерге Нуралиеванын сөздөрүн четке какты.

«Мен Аминанын жеке өзүнө “Бар апаңа барып акча алып кел” деп айткан жокмун. Жалпы түрдө эле ким алып келгенин сурадым. Ашыкча сөз айтылган эмес болчу», — деди Насырова.

Макаренко орто мектебинин ата-энелер комитетинин төрагасы Алайбек Бекмурзаев «Т-Медиага» акча чогултуу демилгеси ата-энелер тарабынан көтөрүлүп, ал ыктыярдуу түрдө жыйналаарын билдирди. Анын айтымында, бул каражаттар күзөтчүнүн маянасына жана ажатканы тазалоого жумшалат.

«Кызматтык текшерүү жүргүзүү боюнча комиссия түзүлдү»

Ош шардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Санталат Аматова «Клоопко» билдиргендей, бул окуяны текшерүү үчүн комиссия түзүлдү. Анын айтымында, акчаларды чогултуу тапшырмасын мугалимдерге камкордук кеңеши берген.

«Мугалим жөн гана “ким фондго акча төлөдү?” деп сураптыр. Башкармалык маалыматты угаары менен дароо кызматтык текшерүү жүргүзүүгө комиссия түздү, бул боюнча башкармалыктын адиси Бектурсун Көкөнов иш алып барат», — деди ал.

Ошондой эле Аматова бул чыр мугалим менен окуучунун апасынын ортосундагы «жеке мамилелеринен» чыкканын божомолдоду.

Билим берүү жана илим министрлигинин мурдагы жетекчиси, маркум Каныбек Исаков республиканын мекептеринде акча чогултууга тыюу салган. Ошондой эле, окуу жайлардын кызматкерлери камкорчулар кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин каржы маселелерине катышуусуна чектөө коюлган.

«Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, административдик персоналдар, жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдору тарабынан окуучуларга, алардын ата-энелерине жана аларды алмаштыруучу адамдарга моралдык-психологиялык басым көрсөтүлсө, тартиптик жаза көрүү менен кызмат орундарынан бошотуу каралсын», — деп айтылган буйрукта.

Кыргызстанда пандемиядан улам мектеп окуучулары үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта аралыктан окууга өткөрүлгөн. Чектөөлөр сегиз айдан кийин, 11-ноябрда алынып, өлкөдөгү 1489 мектепте окуу кадимки тартипке өткөрүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«10 млн сом чогулган». Ата-энелер мектептеги Камкордук кеңешке акча берүүгө милдеттүүбү?