ССМ: Кыргызстан коронавирустан 1 миллиондон ашык адамды эмдей алат

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү COVID-19 боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында өлкөнүн калкты вакцинациялоо боюнча билдирмеси жактырылганын билдирди.

«Белгиленгендей, COVAX (вакциналар боюнча глобалдык альянс) глобалдык демилгесинин алкагында Кыргызстан тараптан коронавирус инфекциясына каршы 1 млн 200 миң доза вакцина алууга билдирме берилген жана ал жактырылган. Натыйжада, Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган вакциналар алынган соң, өлкөнүн 20% ашуун калкын эмдей алат», — деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

*COVAX — вакциналарды сатып алуу жана өндүрүү боюнча борборлоштурулган демилге. Бул программа боюнча экономикасы төмөн жана орто өнүккөн өлкөлөргө вакциналардын бир бөлүгүн донорлор каржылап берет.

Азырынча республика коронавирус менен алдын-алуу чаралары жана чектөөлөрдүн жардамы менен күрөшүп жатат. Ошондой эле, республикалык штабдын жыйынынында вице-премьер Элвира Сурабалдиева кырсыктардын алдын-алуу үчүн Кыргызстан боюнча медициналык жабдууларды текшерип чыгуу тапшырмасын берди.

Бардык медициналык жайлардын кызматкерлерин техниканы колдонуунун инструктажы менен таанышуу күтөт.

«Бардык медициналык мекемелердеги коопсуздукту камсыздоо боюнча, өзгөчө, медициналык жана көмөкчү жабдуулардын техникалык абалын текшерүү жаатындагы ишти күчтөндүрүү зарыл. Биз чет өлкөдөгү ооруканалардын бириндеги кычкылтек аппаратынын бузулуусунан улам орун алган жарылуу сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуусуна жол бербөө боюнча алдын алуу чараларын кабыл алуубуз керек», — деди ал.

Анын айтымында, ар бир жетекчиге медициналык кызматкерлердин инструктажы үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлөт.

Кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөө

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева коронавируска каршы вакцина сатып алуу үчүн Кыргызстан Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.

«Августта орусиялык өндүрүшчүлөр чыгарган вакцинаны тестирлөөдөн өткөрүп жана жалпы дарылоого бекиткенден тартып Кыргызстанга импорттоо тууралуу Орусияга өтүнүч кат жолдогонбуз», — деп билдирген Сурабалдиева.

Вакцина канча санда керектиги, келе турган күнү жана Кыргызстанда аны каттоого алуу графиги иштелип чыккан. Сурабалдиеванын айтымында, адистер орусиянын «Спутник-V» вакцинасын иштеп чыгуу жана клиникалык сыноолору менен таанышуу үчүн Москвага барып келүүгө үлгүрүшкөн.

Ошол эле кезде «Спутник V» вакцинасы бир нече себептер менен сынга алынган: вакцинациядан өткөн медиктер эмделгенден кийин COVID-19 жуктуруп алган, ал эми чет элдик окумуштуулардын тобунан турган 19 адам вакцина тууралуу The Lancet медициналык журналында жарык көргөн материал аларда берилиштер паттерни кайталангандыктан күмөн жаратарын билдиришкен.

Мындан тышкары, бир катар эксперттер анын жыйынтыктары абдан аз катышуучуларга жүргүзүлгөн сыноолордон кийин алынганын айтышкан. Ал эми вакцинаны иштеп чыккандар аны коопсуз деп эсептешет.

Мындан тышкары, өлкө бийлиги башка мамлекеттердин да вакциналарынын натыйжалуулугуна көз салууну улантууда. Эгер ДССУ артык көргөн вакциналар даяр болсо, алар боюнча Кыргызстандын да позициясы даяр.