Юрист Жоошев Матраимов мүлкүн мамлекетке кандай шартта бере алмактыгын айтты

Юрист Замир Жоошев 24-декабрда экс-бажычы Райым Матраимов өз мүлкүн — 9 батир менен «Эльдорадо» соода борборун кандай шарттарда мамлекетке өткөрүп бере алмактыгын фейсбукта айтып берди.

Анын айтымында, Матраимовдо мүлкүн өткөрүп берүүгө эки гана мыйзамдуу жол бар болчу — же тартуу катары же мамлекеттин эсебине конфискациялоо аркылуу.

«Эгерде 1,4 млрд сом, 9 батир жана соода борбору конфискацияланган мүлк катары катталса, тилекке каршы, баары мыйзамсыз деп айтууга болот. Анткени азыркы мыйзам коррупцияга аралашканын мойнуна алган Райымбек Матраимовдун чогулган мүлкүн, соттон ага карата айыптоо өкүмү чыгып, ал өкүм күчүнө киргенге чейин конфискациялоого жол бербейт», — деп түшүндүрдү Жоошев.

Ал өкүм чыкканга чейин Матраимов мүлкүн белек катары гана мыйзамдуу түрдө өткөрүп бере алмактыгын кошумчалады.

«Кыскасы, Аяз Ата. УКМК менен башка маморгандарга бардыгын мыйзам чегинде жасашсын деп каалайт элем», — деп кошумчалады юрист.

Соода борбору, 9 батир жана 1,4 млрд сом

24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке төгө турган 2 млрд сомду толук төлөп бүткөнүн билдирген.

УКМКнын башчысы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранты Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин кабарлаган.

Көп бөлүгүн — 1,4 млрд сомду — ал Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

Ташиев Матраимовдун иши боюнча материалдар маңызы боюнча кароо үчүн жакынкы күндөрү сотко өткөрүлөрүн кошумчалаган. Ал эми эмне себептен батирлер күч түзүмдөрүнө берилди, пандемияда жабыр тарткан медиктерге же мугалимдерге берсе болот беле деген журналистин суроосуна, Ташиев «ал жерде болгону 9 батир, 900 эмес» деп жооп берген.

Кыргызстандын мыйзамында Матраимов келтирген чыгымдын ордун толтуруп берсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат деген жобо жок. Бирок Жазык кодексине сунушталган мындай түзөтүүлөр парламент тарабынан жактырылган, эми президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол коюшу керек.

Матраимовдун иши боюнча тергөө аяктай элек — УКМК анын бажы башчысынын орун басарлык кызматанан бошотулгандан кийин бажы тармагындагы коррупцияга тиешеси бар-жогун карап жатат. Тергөөчүлөр анын Орусия, Кытай, Казакстан жана Өзбекстан — эл аралык аткезчилик менен болгон байланышын териштирмекчи.

УКМКнын кызматкерлери Матраимовду 20-октябрда кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.