Али Токтакунов Матраимов «уурдаган» каражаттардын баарын элге кайтарууну талап кылды

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов экс-бажычы Райымбек Матраимов коррупциялык аракеттери менен келтирген зыяндын ордун толтуруп бергени тууралуу УКМКнын билдирүүсүнө комментарий берди. Токтакунов бийликтен 2 млрд сомду эле эмес, «Клооп», «Азаттык», OCCRP жана Bellingcat биргелешкен иликтөөдө аныктаган башка дагы каражаттарды «кайтарып берүүсүн» талап кылды.

Токтакунов журналисттер тобу бажычы Матраимов «түзүмдөн» жүздөгөн миллионду уурдап кеткенин, кандай үйлөрдү, кандай соода борборлорун сатып алганын ийне-жибине чейин көрсөтүп бергенин айтты. Иликтөөчү эл аралык коомчулук Матраимовду бажы түзүмүндө иштеп жүрүп «маарыган» ири коррупционер деп тааныганын баса белгиледи.

Бирок, УКМК 24-октябрда Матраимов болгону 2 млрд сом (25 млн доллар) уурдап алган жана мамлекетке аны толугу төгүп берди деп отчёт берген. Иликтөөчү журналист буга макул эмес.

Ал Матраимов «уурдап кеткен» акчанын баарын бир токоч менен салыштырды. Анын айтымында, күч түзүмдөрү кайтарган сумма токочтун бир сындырымына гана тете. Токтакунов бул учур уурулар үчүн прецедент болушу мүмкүн деп божомолдоп, алар уурдап алган «бир токочтун күкүмү менен эле» кутулуп кетет деп билдирди.

«Ал кайтарылган акчанын дагы тогуз батирин УКМК өздөрүнө алып алып жатат. Муну кол кесер деп түшүнсө болот, башкача айтканда, пара катары сезилет. Себеби дегенде кандайдыр бир башка чоң мүлктөрүн көрбөй коюу үчүн, жашырып коюу үчүн, көз жумду кылып коюу үчүн ошондой келишим болушу мүмкүн», — деп эсептей журналист.

Токтакунов бийликтен журналисттер аныктаган каражаттардын бардыгын «толугу менен» кайтарууну, андан кийин бул каражаттарды пенсия менен жөлөкпулга, «чай менен нанга» гана жашаган карапайым элге таркатып берүүнү талап кылды.


«Биз ошону талап кылабыз. Аягына чейин ошол бир тыйын акчага чейин кайтарылмайын биз ошол талабыбызды коюп жүрө беребиз. Азыркыдай шоулары менен бизди алдай алышпайт», — деди сөзүнүн аягында Токтакунов.


«Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттери бажыдагы коррупциялык схемага Матраимовдун тиешеси бар экенин, ал схеманын жардамы менен өлкөдөн 700 млн доллар чыгарылып кеткенин аныкташкан. УКМК Матраимовду 10-октябрда кармаган, бирок ал тергөө менен кызматташууга макул болуп, келтирген зыяндын баарын мамлекетке төгүп берүүгө даяр экенин билдиргенде коё берилген.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке төгө турган 2 млрд сомду толук төлөп бүткөнүн билдирген — күч түзүмдөрү Матраимов 2 млрд сом зыянды Кыргызстандын ичиндеги ишмердүүлүгүнүн негизинде келтиргенин аныкташкан. Атайын кызмат иликтөөсүн улантууда. Ал эми Ташиев Матраимовдун журналисттер жакында аныктап чыккан чет өлкөдөгү мүлкүн изилдөөнү убадалаган.

Матраимовдордун мамлекеттик жумушта иштеп жүрүп ээ болуу мүмкүн эмес болгон дагы кандай мүлкү бар?

Maтраимовдордун Дубайдагы апартаменти

Матраимовдордун «Карвендеги» коттеджи

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу

«Лондон, Адил аркылуу Раимге». 5,6 миллион британ фунтунун табышмагы

Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору