Кара-Суу: Тапанча менен бутка атып, 100 миң долларды карактагандар изделүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунун эки тургуну 100 миң АКШ долларын уурдатканы боюнча милицияга кайрылган. Ош облустук милициясы маалымдагандай, окуя 26-декабрда Кара-Суу районунун Савай айылында орун алган.

Ош ОИИБи эки тургунду тоноого шектүүлөрдүн «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү унаасы аталган райондун Киров айылынын Жаңы-Чек участкасынан табылганын билдирди. Ал эми шектүүлөрдү издөө иштери улантылып жатат. Ошондой эле, табылган унаага кароо жүргүзүлүп, ал айып короосуна киргизилген.

«Болжол менен саат 10:00дөр чамасында 24 жаштагы тургун атасы менен бара жаткан унааны беткапчан белгисиз үч киши “SsangYong Musso” үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп токтотуп, тапанча менен бутка атып, 100 миң долларды алып кеткен. Окуя болгон жерден тапанчанын гильзалары табылган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп маалымдады Ош ОИИБи.

Буга чейин ноябрь айында Кара-Суу районунда 5,5 млн сомдон ашуун акчаны карактоого шектелип 36 жана 29 жаштагы кишилер кармалган. Ош ОИИБине 41 жаштагы тургун белгисиз кишилер аны тоноп кеткени тууралуу арыз менен кайрылган.

Жабырлануучу «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү автоунаасы менен бара жаткан учурда, алдынан «Ваз-2107» унаасы аны сүзүп токтоткон. Андан бет капчан үч бала түшүп, жабырлануучуну белгисиз ок атуучу курал менен коркутуп, 5 млн 186 миӊ сом, 2500 АКШ доллар, 130 миӊ рубль акчасын карактап кетишкен. Тоноого шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.