Кара-Сууда 6 млн сомго жакын акча карактоого шектелип эки киши кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунда 5,5 млн сомдон ашуун акча карактоого шектелип 36 жана 29 жаштагы кишилер 6-ноябрда кармалды. Алар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлагандай, милицияга 41 жаштагы тургун 20-октябрда белгисиз кишилер аны тоноп кетишкендиги тууралуу арыз менен кайрылган.

«Жабырлнуучу “ДЭУ Матиз” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Төлөйкөн айылындагы “Нирвана” кафесинин жанында бара жаткан учурда, алдынан «Ваз-2107» унаасы аны сүзүп токтоткон. Андан эки бала, артынан келген дагы башка «Ваз-2107» үлгүсүндөгү унаадан бет капчан үч бала түшүп, жабырлануучуну белгисиз ок атуучу курал менен коркутушкан. Анын жанында 5 млн 186 миӊ сом, 2500 АКШ доллары, 130 миӊ рубль акчасы болгон», — деп билдирди Ош ОИИБнин басма сөз кызматы.

Карактагандар окуя болгон жерден качып кетишкен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүүлөрдү дээрлик 20 күндөн кийин кармашты.

Окуя Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Каракчылык» беренесинин «куралды же курал катары колдонулуучу предметтерди колдонуу менен» деген бөлүмү менен катталып, ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында Ош облусуун Алай районунун жана Ыссык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун тургундары кармалган. Мындан сырткары, учурда аталган кылымышка катыштыгы бар башка шектүүлөрдү издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Буга чейин мындан эки жыл мурда Ош милициясы 15 млн сомдон ашуун акчаны карактоого айыпталган үч жаранды кармаган. Куралданган бет капчан белгисиз жарандар жеке ишкердин үйүнө киришип, күч колдонуу менен сейфти алып чыгып кетишкен. Маалыматка ылайык, темир кутуда болжол менен 10 миң АКШ доллары, 560 миң рубль жана 14 млн сом акча каражаты болгон.