Президенттикке талапкерлер үгүт иштерине 94,6 млн сом коротушту

Президенттикке ат салышкан 18 талапкер 25-декабрга карата жалпысынан үгүт иштерине 94 млн 640 миң 746 сом коротушту. Ал эми талапкерлердин атайын эсептерине 104 млн 463 миң 444 сом чогулган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Талапкерлердин ичинен эң көп каражат Садыр Жапаровдун эсебине чогулган жана эң көп сарпталган. Атап айтканда Жапаровдун эсебине 51 млн 461 миң сом чогулуп, анын 50 млн 439 миң 859 сому сарпталган.

Андан кийинки орунда Бабыржан Толбаев турат. Анын эсебине 14 млн 224 миң 572 сом топтолуп, анын 9 млн 264 миң 488 сому коротулган.

Башкаларга салыштырмалуу шайлоо кампаниясы көп акча короткондордун катарында Имамидин Ташов бар. Анын атайын эсебине 4 млн 924 миң 600 сом топтолуп, анын 3 млн 685 миң 510 сому сарпталган.

Ал эми УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев жалпысынан 3 млн 759 миң 910 сом топтоп, анын 3 млн 632 миң 305 сомун шайлоо өнөктүгүнө короткон.

Андан сырткары үгүт иштерине 3 млн сомдон көп каражат жумшагандардын катарында Рашид Тагаев, Аймен Касенов бар.

Эки миллиондон ашык акча короткондордун сап башында Жеңишбек Байгуттиев турат. Анын атайын эсебине 3 млн 337 миң 850 сом чогулуп, анын 2 млн 827 миң сому коротулган.

Адахан Мадумаров шайлоо кампаниясы үчүн 2 млн 612 миң 826 сом сарптаган. Ошондой эле, Курсан Асанов менен Равшан Жээнбеков дагы эки миллион сомдон ашык каражатты жумшаган.

Калган талапкерлер Арстанбек Абдылдаев (Арстанбай Алай), Каныбек Иманалиев, Элдар Абакиров, Бактыбек Калмаматов, Улукбек Кочкоров, Канат Исаев, Клара Сооронкулова жана Мыктыбек Арстанбек бир миллион сомдон ашык каражатты жумшаган.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" беренелерге ылайык, банктар талапкерлердин атайын эсептериндеги акча каражаттарынын келип түшүшү жана сарпталышы жөнүндө маалыматты жума сайын БШКга берип турууга милдеттүү.

Буга чейин бир катар талапкерлер шайлоо өнөктүгү учурунда административдик ресурстар колдонулуп, аларды аймактарда толук кандуу үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук болуп жатканын айтышкан. Атап айтканда Адахан Мадумаров анын Ысык-Көлдөгү үгүт иштерин тоскоолдук болуп чыкканын айткан.

Андан сырткары айрым талапкерлердин шайлоо фондусуна түшкөн акча каражаттары боюнча да талкуулар болгон. Шайлоо кампаниясына эң көп акча жыйнаган жана сарптаган Садыр Жапаров ага акчаны пенсионер менен карапайым калк которуп жатканын билдирген.

Бирок «Клооп» Жапаровдун фондуна акча которгон жарандардын тизмесин иликтеп көрүп, ал жакта ишкерлер жана компаниялар бар экенин аныктаган.

ТЕМА БОЮНЧА

Талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги катар номери аныкталды

Президенттик шайлоо күнү 11 миң милиционер коомдук тартипти сактайт — ИИМ

Парламенттик шайлоо мыйзам бузуу менен өттү, биз шайлоонун таза өтүшүн камсыздап беребиз — Талант Мамытов

«Шайлоодон четтебейм». Президенттикке талапкер Исаев басым болгонун четке какты