Талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги катар номери аныкталды

БШК талапкерлердин бюллетендеги катар номери боюгча чүчүкулак өткөрдү. Тизменин сап башында камактан чыккан, аз да болсо президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаров турат. «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев бюллетенде экинчи. Үчүнчү орунда журналист жана диний ишмер Арстанбек Мыктыбек турат.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова шайлоого төртүнчү орунда, «KG group» курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташев бешинчи орунда.

№6 — экс-депутат Рашид Тагаев. УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаев жетнчи, ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров сегизинчи болду.

«Газпромдун» мурдагы топ-менеджери Аймен Касенов №9 менен баратат. Андан кийин №10 экс-социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров. Тизмедеги №11 орун Жеңишбек Байгуттиевге тийди. Ал учурунда Кыргызстандын экинчи качкын президенти Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болгон.

Экономика министринин экс-орун басары Элдар Абакиров №12де, ал эми Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов №13 номери шайлоого бара жатат.

«Арстан Алай» деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев бюллетенден №14 орунду ээледи.

Тизмеде экс-депутат Равшан Жээнбеков 15-орунда, ал эми мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов 16-орунда шайлоого катышууда. Меценат жана ишкер Бабур Толбаев 17-катарда. Тизмени «Ата Мекен» партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев №18 менен жыйынтыктады.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Ошол эле күнү өлкөдө башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт. Президенттикке 18 талапкер ат салышууда.

Президенттик шайлоо 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган узакка созулган саясий кризистин улам дайындалды.