УКМК Чүй облустук ЖКККБнын жетекчиси эмне үчүн кармалганын айтты

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Шайырбек Бопонов эмне себептен кармалганын айтты. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Бопоновдун «Актилек-Автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда жүк ташуучу айдоочулар арасында мыйзамсыз акча жыйноо боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар.

Бопоновдон тышкары 24-декабрда ушул эле иш боюнча башкармалыктын дагы үч инспектору кармалган.

«Инспекторлор документтерди текшерүү шылтоосу менен эл аралык жүк ташуучу айдочулардан дайыма 500 сомдон 5 миң сомго чейинки суммадагы акча каражаттарын алып турушкан. Ошол эле учурда бул көзөмөл өткөрмө пунктунда жүк агымы 100дөн 200 автоунаага чейин жетет», — деп билдиришти УКМКдан.

Бопоновдун кармалышы

Бопоновдун кармалгандыгы тууралуу 27-декабрда бир катар ири ЖМКлар укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазып чыккандан кийин белгилүү болгон.

ЖМКлардын малыматына ылайык, Бопонов алгач суракка чакырылган, андан соң ал кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ведомство андай адамдын кармалгандыгын тастыктап, бирок так жана кенен маалымат кийин айтыларын убадалаган.

Шайырбек Бопонов Чүй облустук ЖКККБны 2020-жылдын февраль айында жетектеп баштаган. Ага чейин, 2017-жылдын декабрь айынан баштап Бишкек шаардык ЖКККБсын башкарган.