Жапаровдун өкүлү Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн даттанды

Төрөхан Жунусбеков жана Мелис Аспеков

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун өкүлү Александр Мощин 23-декабрда Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн Боршайкомго жана ИИМге даттанды. Арыздын сүрөтү соцтармактарда жарыяланды.

Кечээ, Жапаровдун штабы айлыгыбызды (Жапаровго кол топтоп бергенинин акысы) бербей жатат деп угутчулор БШКга арыз...

Опубликовано Нурбеком Муктаром Воскресенье, 27 декабря 2020 г.

Мощин өз арызында Аспеков менен Жунусбеков Жапаровдун штабына расмий жактан жана юридикалык жактан дагы тиешеси жок экенин, алар шайлоо штабынын кызматкери эместигин жазган. Мындан сырткары Мощин алар соцтармактар аркылуу Жапаровдун үгүт кампаниясын «жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып» жатканын билдирген.

«Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбековду [...] талапкер Садыр Жапаровдун атынан чыгып сүйлөөгө эч ким ыйгарым укук берген эмес. Ошондой эле аларга Жапаровдун сүрөтүн жана үгүт материалдарын кайсы бир максаттарда же акцияларга колдонууга уруксат берилген эмес», — деп жазган Мощин.

Мощиндин айтымында, Аспеков жана Жунусбеков өздөрүнүн «мыйзамсыз аракеттери менен» Жапаров тууралуу терс таасир калтырып, үгүттөөгө тоскоол жаратууда.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Азаттыкка» Мощиндин арызы боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирди.

«Өзүбүз тактаганга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, биз укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Ички иштер министрлигине кат жөнөткөнбүз», — деди Бекматов.

Аспеков менен Жунусбеков «Vesti» басылмасына алардын үстүнөн арыз жазылганы тууралуу кабары жок экенин айтышкан.

Буга чейин «Коом.пресс» басылмасы «Мелис Аспеков спортчуларга 10 миң доллар берди» деген макаланы жарыялаган. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам тобу бул окуяны иликтөө үчүн милицияга жана Башкы прокуратурага кайрылган. Мындан кийин аталган макала өчүрүлгөн.

Мелис Аспеков 30-октябрда Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетекчиси болгонун айткан. Ал эми бул дайындоого чейин Аспеков Жапаровдун кадрдык чечимдерине нааразычылыгын билдирип, Бишкектин борбордук аянтына боз үй тигип, ачкачылык жарыялай турганын убада кылган болчу.

Ал эми «профессионал митингчи» катары таанымал Төрөхан Жунусбеков 8-декабрда «Мегаком» компаниясынын жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалган. Көп өтпөй, 16-декабрда, Жунусбеков Талас облусунда Жапаровдун эл менен болгон жолугушуусунда түшкөн сүрөтүн жарыялаган. БШК Жунусбеков үгүт иштерине катышкан деген жүйө менен ИИМге кайрылган.

Ал ортодо «Мегаком» компаниясы Жунусбеков 14-декабрдан тарта эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымдаган.