Акыркы суткада коронавирустун жаңы 119 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 29-декабрда коронавирустун жаңы 119 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 56сында COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 63үндө клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 51;

Чүй облусу — 28;

Ысык-Көл — 18;

Жалал-Абад облусу — 2;

Ош облусу — 10;

Ош шаары — 1;

Талас облусу — 4;

Нарын облусу — 5.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 80 654кө жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 26 705. Ал эми Чүй облусунда — 11 398, Ош облусунда — 8 223, Жалал-Абадда — 9 768, Ысык-Көлдө — 7 151, Ош шаарында — 5 507, Баткенде — 7 121, Нарын облусунда — 2 246 жана Талас облусунда — 2 535 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 277 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарынан — 59, Жалал-Абад облусунда — 33, Ош облусунда — 31, Ош шаарында — 28, Баткен облусунда — 14, Чүй облусунда — 64, Ысык-Көл облусунда — 32, Нарын облусунда — 5, Талас облусунда — 11 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 75 334 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 358 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 67 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 246 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан — үч жана Ысык-Көл облусунан — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Анын ичинен экөө эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 353 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча эки медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан — бир, Талас облусунан — бир медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада он эки медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 108ге жетти, анын ичинен 3 901 медкызматкер илдеттен айыкты.