Баткен облусунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна тез жардам унаалары тапшырылды

Баткен облусундагы бир нече үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жаңы тез жардам унаалары тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

«Жасалма дем алдыруучу ИВЛ аппараттары орнотулган төрт тез жардам унаасы Исфана шаарына, Лейлек районунун Кулунду, Баткен районунун Самаркандек, Кадамжай районунун Үч-Коргондогу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тапшырылды», — деп мекемеден билдиришти.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда аталган облустун Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына кайдыгер эмес кыргызстандыктар тез жардам унаасын белек кылышкан. Оорукананын жамааты бул белекти бийлеп тосуп алышкан.

29-декабрга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 80 654кө жетти. Ал эми Баткен облусунда коронавирус 7 121 кишиден аныкталган. Илдеттен өлкө боюнча 75 344 бейтап айыгып, 1 353 киши каза болду.