Сот «Апрель» телеканалына кайрадан эфирге чыгууга уруксат берди

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-декабрда Аскер прокуратурасынын «Санариптик технологиялар» ЖЧКсы жана «Апрель ТВ» компаниясына карата доо арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу телеканалдын сайтында жарыяланды.

Мындан улам «Апрель» телеканалы телеэфирге чыгууга расмий укук алды.

«Апрелдин» башчысы Дмитрий Ложников эми телеканалдын берүүлөрүн жадандыруу компаниянын учредителдери — учурда камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын кеңешчиси Фарид Ниязовдон көз каранды экенин билдирген.

«Апрель» телеканалы 2019-жылдын 7-августунда мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү штурмга алынгандан кийин эфирин токтотон.

2019-жылдын ноябрь айында курамына 21 канал кирген «Санариптик технологиялар» жеке менчик телеберүү оператору каналдын мүлкү камакка алынганына карабай «Апрелге» эфирге чыгууга уруксаат берген. Бирок Аскер прокуратурасы мындай кадамды мыйзамсыз деп эсептеп, сотко кайрылган.

Эфирге чыгууга тыюу салынганына карабай «Апрель» өз ишин интернетте улантып, берүүлөрүн YouTube-каналына жана расмий интернет-сайтында жарыялап турган.