Жапаровдун элди КТРКдан Жаңы жыл менен куттуктоосу үгүт болгон — талапкердин штабы

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун 31-декабрь күнү КТРК каналында элди куттуктап сүйлөгөнү шайлоо алдындагы агитация болчу. Бул маалыматты талапкердин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү ырастап берди. Бирок, КТРКнын жарнама бөлүмүнөн Жапаровдун куттуктоосу «алар аркылуу жайгаштырылбаганын» билдиришти.

Жаңы жылдык куттуктоо

Жапаров кыргызстандыктарды Жаңы 2021-жылы менен саат 21:00дө куттуктаган. Ал сөзүндө пандемия шартында экономика алсызданганын, мындай шартта «бийлик кол куушуруп турганын» кеп кылып, «адилетсиз» парламенттик шайлоо тууралуу да айткан.

Жапаров жарандардын өз алдынча уюштуруучулук жөндөмүн белгилеп, өз өлкөсүнө «ак кызмат өтөгөн» медиктер, жөнөкөй жарандар жана ыктыярчыларды «чыныгы баатырлар» деп атаган.

Андан кийин Жапаров келе жаткан жыл кандай болору кыргызстандыктардан көз карандык экенин эскертип, 2021-жылда акыйкаттыкка жана ийигиликке карай жолдун алгачкы кадамдарын улантарын айткан.

«2021-жыл Кыргызстандын тарыхында куттуу жана берекелүү мезгилдин башталышы болуп калсын. Жаңы жылыңыздар кут болсун, кымбаттуу кыргызстандыктар!» — деп сөзүн жыйынтыктаган талапкер.

Видеонун соңунда бул кайрылуу Жапаровдун шайлоо фондунун эсебинен төлөнгөндүгү тууралуу маалымат пайда болгон. Мындан кийин эфирде КТРКнын салттуу «Жаңы жылдык түн 2021» программасы көрсөтүлө баштаган.

Үгүт материалы тууралуу жазуу

Мыйзам эмне дейт?

БШКнын президенттик шайлоодо үгүт жүргүзүү тууралуу жобосуна ылайык, талапкерлер шайлоочуларга телеканал аркылуу кайрылып, шайлоо алдындагы программасы тууралуу айтып бере алат. Ошол эле учурда КТРК каналы ар бир талапкерге акысыз эфирдик убакыт бөлүп берет.

КТРКнын сайтындагы маалыматтарга караганда, андагы эфирдик убакыт үч түргө бөлүнөт: талапкерлердин жеке кайрылуусу, талапкерлер арасындагы теледебаттар жана ар бир талапкер тууралуу атайын репортаж. Рашид Тагаев менен Садыр Жапаров 29-декабрда өткөн теледебатка келген эмес.

Ошол эле учурда, Жапаров менен кошо 11 гана талапкер КТРК аркылуу шайлоочуларга кайрылуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланышкан. Жапаров тууралуу атайын репортаж 4-январда эфирге чыгышы керек.

КТРКдан эмне дешти?

«Клооптун» журналистине үгүт материалдарын жайгаштырууга жоопту делген КТРКнын жарнама жана коммерциялык бөлүмүнөн Жапаровдун куттуктоосу «биз аркылуу жарыяланган жок» деп билдирип, каналдын башкы директорунун кабылдамасына байланышууга кеңеш беришти.

Коммерциялык бөлүмдүн адиси балким Жапаров ар бир талапкерге берилүүчү, акысыз эфирдик убакытты колдонушу мүмкүн экенин белгиледи.

Ошондой эле коммерциялык бөлүмдөн агитация үчүн прайм-таймдагы бир мүнөттүк эфирдин акысы 37 миң 950 миң сом экенин кошумчалашты. Жапаров 2 мүнөт 30 секунд сүйлөгөн, демек каналдын прайс-барагы боюнча 94 миң 875 сомду түзөт.

Макала жарык көрөр алдында «Клооптун» журналисти КТРКнын башкы директорунун өкүлдөрү менен байланыша алган эмес.

Жапаровдун штабы эмне дейт?

Садыр Жапаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин талапкердин куттуктоо сөзү жарнамалык келишимдин негизинде эфирге берилгенин «Клооптун» журналистине билдирген. Анын айтымында, бул маселени жогоруда айтылган КТРКнын жарнама жана коммерциялык бөлүмү менен такташкан. Аты аталган бөлүм Жапаров агитация түрүндө сүйлөгөнүн «тастыктаган».

Сегизбаев катышкан дебаттын өчүрүлүшү

Мурдараак, КТРК телеканалына байланыштуу башка жаңжал чыккан — каналдан 30-декабрда өткөн теледебат өчүрүлгөн. Анда УКМКнын мурдагы башчысы жана президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев Жапаровдун Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланышы тууралуу билдирүү жасаган эле.

Эртеси күнү КТРКдан видеожазуу жарактан чыккан маалымат топтогучтан улам өчүп калганын кабарлашкан. Телеканалдын маалыматына караганда, видео YouTube-каналга жогорку сапатта кайрадан жүктөө учурунда өчүп калган.

Ошондой эле каналдан маалымат топтогуч калыбына келтирилгенден кийин видео токтоосуз сайтка жайгаштырылат деп билдиришкен. Бирок азыркы күнгө чейин видео сайтка жарыялана элек.

2021-жылдын 2-январында БШКнын жумушчу тобу комиссияга КТРКдан видеону калыбына келтирүүнү жана трансляцияны өчүрүлүшү боюнча телеканалдын башкы директорун айыппулга жыгууну талап кылууну сунуштаган.