Аксыдагы митингдерден кийин РИИБдин башчысы менен аким кызматтан кетти

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад облусундагы Аксы РИИБинин башчысы Шекербек Таңгиров Кербен шаарынын тургундарынын митингинен кийин кызматтан алынды.

«Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Шекербек Таңгиров ээлеген кызматынан бошотулду», — деп билдиришти министрликтен.

Мындан тышкары, Аксы районунун акими Эсенали Ормоналиев отставкага кетти.

«Райондун акими бизге келип, отставкага кетүү ниетин билдирди жана мындай талапты жергиликтүү тургундар коюшканын түшүндүрдү. Анын арызы өкмөт башчысынын кароосуна жөнөтүлдү. Биз тургундардын талаптарын аткардык», — деп айтып берди Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев «Турмуш» басылмасына курган маегинде.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин, 2020-жылдын 7-октябрында Кербенде массалык башаламандыктар башталып, аягы мушташ менен аяктаган. Натыйжада 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов каза болгон. Жаманкуловдун өлүмү жана массалык башаламандыктар иши боюнча милиция Кутман Шадыбековду кармаган.

Бирок жергиликтүү жашоочулар жана кармалган адамдын жакындары Шадыбековдун камакка алынышына каршы чыгып, 2021-жылдын 2-январында УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын имаратынын алдында митинг уюштурушкан. Митингге чыккандар объективдүү иликтөө жүргүзүүнү жана Аксы районунун акими менен РИИБнин башчысы Шекербек Таңгировду кызматтан четтетүүнү талап кылышкан.

Мындан тышкары, кармалган адамдын үй-бүлөсү милицияга ишенбөөчүлүк билдирип, ишти иликтөөнү УКМКнын жергиликтүү бөлүмүнө өткөрүп берүү өтүнүчү менен прокуратурага кайрылды.

ИИМден билдиришкендей, ишти УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы илиектеп жатат жана иш мамлекеттик комитеттин көзөмөлүндө.

Митинг 4-январда уланып, кармалган Шадыбековдун жакындары жана тарапташтары Кербен - Ала-Бука жолун тосуп алышкан. 24.kg агенттигинин маалыматына караганда митингге 200гө чукул адам чогулган, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери дагы келген. Бирок 16:00дө митингчилер унаа жүрүүчү жолду ачышкан.