Баткен: Түн ичинде аялдын үйүнө кирип, 100 миң сомун жана алтындарын карактагандар кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 39 жаштагы тургунун карактап кеткен үч киши 6-январда кармалды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Султанов көчөсүнүн жашоочусунун үйүнө түндө 4-январда беткапчан кишилер кирип, бычак менен коркуткан.

«Жабырлануучуга күч колдонуп колу-бутун байлап, үйүндөгү 100 миң сом акчасын жана баалуу алтын буюмдарын алып, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен», — деп маалымдады Баткен ОИИБи.

Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 31 жаштагы, Ноокат районунун 32 жаштагы жана Кызыл-Кыя шаарынын 26 жаштагы тургундары кармалды. Алардын экөө буга чейин оор беренелер менен соттолгону аныкталган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын биридиктүү реестрине «Каракчылык» беренеси менен катталып, тергөө амалдары улантылууда. Учурда кармалган үч киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин өткөн жылдын 6-ноябрында Ош облусунун Кара-Суу районунда 5,5 млн сомдон ашуун акча карактоого шектелип 36 жана 29 жаштагы кишилер кармалган. Алар 41 жаштагы тургундун 5 млн 186 миӊ сомун, 2500 АКШ долларын, 130 миӊ рубль акчасын тоноп кетишкен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүүлөрдү дээрлик 20 күндөн кийин кармашкан.