БШК Садыр Жапаровго Караколдо театрлаштырылган оюн-зоок боюнча эскертүү берген жок

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Каракол шаарында өткөн үгүт иш-чарасы театрлаштырылган шоу менен өткөнүнө байланыштуу ага эскертүү берген жок. Мындай чечим Боршайком 5-январдагы жыйынында кабыл алынган.

Буга чейин БШКнын жумушчу тобу Жапаровдун жолугушуусу театрлаштырылган оюн-зоок менен өтүшү мыйзам бузуу болуп саналарын, андыктан Садыр Жапаровго эскертүү берип, оюн-зоокту уюштургандарга айып пул салууну сунуштаган болчу. Мыйзамга ылайык, үгүт учурунда театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүүгө тыюу салынат.

«Азаттык» радиосу бул сунушту БШКнын беш мүчөсү колдоп, калганы каршы болгондуктан, ал өтпөгөнүн билдирди. Ошол эле учурда көпчүлүк мүчөлөр Караколдогу жолугушуунун уюштуруучусун Бузуулар кодексине ылайык жоопко тартуу маселесин карап көрүүнү БШКнын тиешелүү өкүлүнө сунуштоо керек деген чечимге келишти.

Садыр Жапаровдун өкүлү Александр Мощин БШКнын жыйынында театрлаштырылган оюн-зоокту штаб эмес, жергиликтүү тургундар өздөрү уюштурганын айтты. Андыктан бул жерде мыйзам бузуу болбогонуна токтолду.

Ал эми БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова театрлаштырылган шоу мыйзамда тыюу салынганын уюштуруучулар жарандарга эскертип коюшу керектигин, анткен менен видеодо талапкердин өзүнө бул көрүнүш күтүүсүз болгону байкалганын айтты.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Учурда президенттикке 17 талапкер ат салышууда. Ошондой эле, бул күнү кыргызстандыктар өлкөнү башкаруу формасын тандашат. Ага байланыштуу БШК эки бюллетень даярдады — президентти шайлоо үчүн өзүнчө ак түстө, референдум үчүн көгүш түстө. Ошондо ар бир добуш бериш үчүн өз-өзүнчө 3 567 138ден бюллетень басылып чыкты. Андан сырткары Брайл шрифти менен да президенттик шайлоо жана референдум үчүн 4948ден бюллетень даярдалган.