Жапаровдун Таластагы үгүт иш-чарасында сахнага чейин килем төшөлдү

Видеодон алынган скриншот

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров декабрда Талас облусуна барып, ипподромдо эл менен жолуккан. Жапаров үчүн төшөлгөн узун кызыл килемди видеодон даана көрүүгө болот. Анда килем ат майдандын ортосуна коюлган сахнадан эл отурган жерге чейин салынган.

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо өтөт. Мамлекет башчысы болууга учурда 17 талапкер ат салышып, алар үгүт иштери менен аймактарды кыдырып жүрөт. Мыйзамга ылайык, шайлоо кампаниясы 9-январга чейин уланып, 9-январь жымырттык күнү болот. Бул ирет президенттик шайлоо менен катар кыргызстандыктар өлкөнүн башкаруу формасын референдум аркылуу да тандайт.

«Бай-манаптар»

Буга чейин да 2017-жылы Ош шаарынын ошол кездеги мэри Аймамат Кадырбаевдин кызыл килем үстүндө туруп сүйлөп жаткан сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланып коомчулуктун сынына кабылган.

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары аны шакаба чексе, кээ бирлери бул кадамды «бай-манаптын» жоругу деп сынга алышкан.

Буга чейин «Клооп» жерде туруп сүйлөгөнгө караганда килемдин үстүндө туруп сүйлөгөндү артык көргөн саясатчыларды топтогон. Алардын арасында Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, Жеңиш Разаков, Темир Сариев баштаган бир катар аткаминерлер бар.

ТЕМА БОЮНЧА

Сүрөт жыйнак: Кыргыз аткаминерлери көчөдө сүйлөсө да килемдин үстүндө

Ош мэриясынын басма сөз борбору килемдеги Кадырбаевдин сүрөтүн «кара пиар» деп атады

Маалыматтык ызы-чуу: Жээнбеков кол чатырды өзү деле көтөрө алат