Акыркы суткада коронавирустун жаңы 170 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 7-январда коронавирустун жаңы 170 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 72синде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 98инде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 54;

Чүй облусу — 49;

Ысык-Көл облусу — 20;

Жалал-Абад облусу — 10;

Ош облусу — 16;

Талас облусу — 3;

Нарын облусу — 10;

Ош шаары — 8.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 81 826га жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 27 147. Ал эми Чүй облусунда — 11 737, Ош облусунда — 8 285, Жалал-Абадда — 9 827, Ысык-Көлдө — 7 310, Ош шаарында — 5 531, Баткенде — 7 147, Нарын облусунда — 2 284 жана Талас облусунда — 2 558 учур катталды.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 703.

Ошондой эле, акыркы суткада 206 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 67, Чүй облусунда — 62, Жалал-Абад облусунда — 12, Ош облусунда — 8, Ош шаарында — 5, Баткен облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 32, Нарын облусунда — 1, Талас облусунда — 13 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 77 376 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 885 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 54 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 277 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан — эки COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Анын ичинен экөө эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 363 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча алты медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан, Чүй облусунан — экиден, Ысык-Көл жана Талас облустарынан — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада тогуз медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 134кө жетти, анын ичинен 3 975 медкызматкер илдеттен айыкты.