Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды

УКМК 7-январда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду суракка чакырды. Комитеттен билдиришкендей, бир катар кылмыш иштери боюнча тергөө уланып, алардын алкагында Бабанов фигуранттардын бири катары өтүүдө.

«Тергөөнүн алкагында жасалган кылмыш иштердин иш жүзүндөгү жагдайларын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Буга байланыштуу тергөө органдары тарабынан Өмүрбек Бабановго анын катыштыгы менен тергөө иш-чараларын өндүрүш үчүн келүүсү тууралуу чакыруу берилди», — деп белгилешти УКМКдан.

Мурда, Жээнбековдун башкаруусу учурунда Бабановго каршы сегиз кылмыш иши бар экени белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду колдомой болду

Канатбек Исаев: Бабановго каршы көрсөтмө берсем, эркиндикке эртерээк чыкмакмын

Бабанов сегиз иш боюнча суралып атканын айтты