«ОшЭлектро» электр энергия эмне себептен өчүрүлүп жаткандыгын түшүндүрдү

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында мындан эки күн мурун электр энергиясы массалык түрдө үзгүлтүккө учурган. Ошондой эле акыркы күндөрү жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатат. «ОшЭлектро» акционердик ачык коомунан мунун себебин аба ырайынын суук болуп жатканы менен байланыштырышты.

Маалыматка ылайык, үйлөрдө электр жылытуучу жабдыктар көп пайдаланылып, көмөкчү чордондорго күч келгендиктен алардын иштен чыгып калып жаткандыгын кабарлашты.

«Электр жабдыктарын канчалык көп колдонсок, үйдөгү электр эсептегичтин автоматы таштагандай эле, подстанциялардагы автоматика да өзүнөн-өзү таштайт», — деп түшүндүрүштү.

Ошондой эле, ишкананын басма сөз кызматы мындай кырдаалдарда тургундарга тездик менен кайрадан жарыкты берүү үчүн 24 саат бою ыкчам оңдоо бригадасы иштеп жаткандыгын кошумчалады. Мындан сырткары, керектөөчүлөр ашыкча электр шаймандарын таңкы саат 7:00дөн 9:00гө чейин жана кечки саат 17:00дөн 21:00гө чейин өчүрүп турушса, мындай көйгөйлөрдүн алдын алат деп эсептешет.

Үзгүлтүккө учураган газ

Буга чейин «ОшЭлектронун» жетекчисинин биринчи орун басары Нурлан Раимбек уулу үйдү жылытууда электр энергиядан башка дагы жылытуунун булактарын — көмүр, газды колдонууга чакырган. Улуттук энергохолдинг да электр энергиясын үнөмдөп, имараттарды жылытуу үчүн газ жана көмүр жагууга чакырган.

Анткен менен Өзбекстандын «Мубарак» аттуу мунайды кайра иштетүүчү жайда авария болуп, Ош шаарынын айрым райондорунда акыркы эки күндөн бери газ берилбей жатканын «Азаттык» басылмасы маалымадады. Кыргызстан көгүлтүр отту Өзбекстандан алаары белгилүү. Ош шаары күнүнө коңшу мамлекеттен 160 миңден 200 миң кубга чейин газ алат.

Ал эми Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев калаанын айрым жерлеринде гана газдын басымы жетпей калып жатат деген. Анткени жер үйдө жашаган тургундар жылуулук системасын газга өткөрүп алышкан.

Ош жана Баткен облустарында «ОшЭлектронун» 440 миңден ашуун абоненти бар — анын 107 508и Ош шаарында жайгашкан. Ал эми Ош шаарында «Газпром Кыргызстандын» 70 миң абоненти бар.

Токтогулда суу аз топтолгон

«ОшЭлектронун» жетекчилиги өткөн жылдын 16-декабрында Ош шаарында басма сөз жыйын куруп, Ош жана Баткен облустарында электр энергиясын керектөө боюнча лимит ашып жатканын билдиришкен. Бул электр жарыгынын өчүшүнө алып келиши мүмкүн экендигин эскертишкен.

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров да парламенттик жыйында электр энергияны пайдалануунун лимити ашып кетип жатат деп айткан. Анын айтымында, 2020-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз болгонуна байланыштуу, Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан сатып алууга мажбур. Токтогул суу сактагычында 19,5 млрд кубометр суунун ордуна болгону 14,7 млрд кубометр суу топтолгон.