Сегизбаев «Кумтөр» 2009-жылы эле инвесторлорго берилип кеткенин айтты

УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаев атаандашы Садыр Жапаровдун президенттик учүн күрөшүүсүн «Кумтөр» алтын кенинин канадалык инвесторлорго берилишине байланыштуу деп билдирди.

Дал ушул алтын кенди улутташтыруу көп жылдар бою Садыр Жапаровдун башкы идеясы болуп келген — ушул себептүү 2012-2013-жылдары митингдер өткөн, саясатчыга карата бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу жана Ысык-Көл облусунун губернаторун барымтага алуу беренеси боюнча кылмыш иши дагы козголгон.

Сегизбаев алтын кенди 2009-жылы эле инвесторлорго өткөрүп беришкенин билдирди.

«“Кумтөргө” кандай тиешең бар деп суроо бергем. Мына, 2009-жылдын 30-апрелиндеги келишим. Максим Бакиев ушул келишимдин негизинде бир нече миллион долларды Кыргызстандан алып чыгып кеткен. Бул келишим боюнча “Кумтөрдү” толугу менен канадалык инвесторлорго өткөрүп берген экен. Бул жерде минтип жазып коюшуптур: “биз ал тургай сотко бергенге укугубуз жок” деп», — деп айтып берди Сегизбаев.

Өлкөнү Курманбек Бакиев башкарып турганда Жапаров парламент депутаты, президенттин кеңешчиси жана КРдин коррупциянын алдын алуу агенттигинин комиссары болгон. Бакиевдин бийлиги анын кичүү уулу Максим Бакиевдин массалык рейдерлик басып алуулары менен белгилүү болгон.

Сегизбаев Жапаровдун эки жүздүүлүгүн ашкереледи.

«Кийинки 10 жылда “Кумтөрдү” кайтарып берүү [тууралуу сөздөр] жалган болгон. Азыр болсо “Кумтөрдө” алтын жок деп жатат. Документтер боюнча “Кумтөрдө” азыр 300 тоннадан 500 тоннага чейин алтын бар», — деп билдирди УКМКнын экс-башчысы.

«Кумтөрдөгү» алтын

Буга чейин Жапаров чындыгында эле кен чыккан жерде «алтын калган жок» деп айткан.

Ал бул тууралуу 10-октябрда өзүнүн талапкерлиги пермьер-министрлик кызматка каралып жатканда айткан болчу.

«Мен абакта жаткан учурда адвокатым аркылуу журналисттер “Кумтөр боюнча позицияңыз ошол боюнчабы же өзгөрдүбү?” деген суроо жөнөткөн экен. Мен ошондо “сегиз жыл мурда алыш керек эле, азыр кеч болуп калды, анда алтын казыла берип, калбай деле калды, аны алыштын деле кажети” жок деп жооп бергем. Андан көрө “Центерра” ошону аягына чейин иштетип, бузулган тоолорду калыбына келтирип, кеткени туура болот», — деп айткан Жапаров.

Жапаровдун айткандарын ошондо эле төгүндөшкөн. Алтын казуу боюнча адистер кенде дагы 300-500 тоннадай алтын бар деп билдиришкен. Келишимге ылайык, алтын казуучу ишкана ишин 2025-2026-жылдары гана аяктайт.

Жапаровдун «Кумтөр» боюнча позициясынын кескин өзгөрүп кетиши анын мурдагы тарапташтарын дагы иренжиткен.

«Жаштар коому» бирикмесинин негиздөөчүсү, активист Орозайым Нарматованын айткандары менен бул жерден таанышсаңыз болот. Нарматова 2014-жылдан 2018-жылга чейин «Мекенчил» партиясынын мүчөсү болгон.

«Жапаровду тандаганымдын эң башкы себеби Жапаровдун “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыккандыгы болчу. «Жапаровдун “Кумтөр” боюнча жазылган китептерин, парламентте сессияда сүйлөгөн видеолорун дисктерге басып чыгарып, элге максималдуу түрдө көчөмө-көчө кыдырып таратып жүрдүк. Садыр Жапаровду “улуттук лидер” катары сыпаттап, “бизге окшогон таза жаштар колдоп жатат” деп элдин сүймөнчүгүнө жеткирүүгө бүт күчүбүздү жумшаганбыз», — деп эскерген ал.

Нарматова Жапаров түрмөдөн чыкканда кубанганын айтат. Бирок анын премьер-министрликке талапкер болуп жатканда «“Кумтөрдө” алтын түгөндү, эми аны элге кайтаруунун кажети жок» деген билдирүүсү аны «ирээнжитип» койгон.

«Ал ар дайым бизге “Кумтөрдө” миң тоннадан ашык алтын бар, кенди элге өткөрсөк мугалимдердин айлыгы кеминде миң доллар болот” деп айтып келчү. Ушул убакытка чейин болгону 400 тонна алтын казылып кетти. Билдирүүсүнөн кийин анын “Кумтөр” маселеси боюнча көтөргөн демилгелеринин баары бийликке жетүү үчүн гана болгондой сыяктанат», — деген Нарматова.