Театралдаштырылган шоу үчүн Жапаровдун штаб башчысына 7,5 миң сом айып салынды

БШК Каракол шаарындагы эл менен жолугушуу учурунда театралдаштырылган шоу уюштурлганы үчүн президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун штаб башчысына айып салды. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы кабарлады.

БШКнын маалыматына караганда, штаб башчысы агитация жүргүзүү эрежелерин бузган жана ага 7,5 миң сом айып салынган.

*Конституциялык мыйзамдын президентти жана КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 22-беренесине ылайык (13-пункт 2-бөлүгү), үгүт иштеринде стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө, ошондой эле спорттук иш-чараларда концерттерди жана театралдаштырылган оюндарды өткөрүүгө тыйуу салынган деп жазылган.

Буга чейин БШК Жапаровду колдоого арналган үгүт иш-чарасындагы бузууга чара көргөн эмес. Бирок комиссиянын жумушчу тобу талапкердин өзүнө эскертүү берүүнү жана оюн-зооктун уюштуруучуларына айып салуу тууралуу чечимди колдогон болчу.

Сахналаштырган оюн-зооктун сюжети боюнча Жапаровго «жети аке» батасын берген.

Кийин БШК Жапаровго эскертүү берүүдөн баш тартып, бирок Караколдогу иш-чаранын уюштуруучуларын айыпка жыгууну чечкен.

Жапаровдун өкүлү Александр Мощин «ачык мыйзам бузуу болбогонун» жана ал кызыкчылыгын коргоп жаткан Жапаров көрсөтүлгөн оюн-зоокту токтотуп салууга мүмкүнчүлүгү болбогонун айткан.

«Элестетсеңер, аларды кубалап же талапкер иш-чарадан чыгып кеткиле деп айтып жатканын. Бул адамгерчиликке жатпайт го. Талапкер жолугушууга келген шайлоочуларды аягына чейин угууга аргасыз болду. Алар улуттук кийим кийип келишсе, өздөрүнүн укугу да», — деп белгилеген Мощин.

Жапаровдун өкүлү Александр Мощин талапкердин штабынын бул театрлаштырылган оюн-зоокко эч кандай тиешеси жок экенин айткан.

Анын айтымында, театрлаштырылган оюн-зоок жергиликтүү тургундардын демилгеси болгон, ал эми Жапаровдун өкүлдөрү бул мыйзам бузуу экенин билишсе дагы, болуп жаткан окуяларга кийлигишкен эмес — «алар жаңжал салып, күч колдонууну каалашкан жок».

Үгүт учурундагы мыйзам бузуулар

Боршайкомдун маалыматы боюнча, үгүт жүргүзүү эрежелерин бузганы үчүн 7 адам жалпы суммасы 55,5 миң сомду түзгөн айыппулга жыгылган. Бул топко президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун штабдарынын жетекчилери жана башчылары кирген. Аларга 7,5 миң сом штраф салынган.

Ушул эле суммадагы штрафка президенттикке талапкер Имамидин Ташов менен Бактыбек Калмаматов дагы жыгылган.

Мындан тышкары, КТРКнын башкы директору Бахтияр Алиевге 5,5 миң сом айып салынган. Аны шайлоо процессинин катышуучуларына бирдей жеткилик бербегенине айыпташкан.

Бирок «Жалпы иш» коомдук фондунун маалыматы боюнча, шайлоо мыйзамын бузуулар алда канча көп болгон. Алардын маалыматына караганда, 53 бузуу катталган.

Бул админресурсту пайдаланууга байланышкан 31 факты,15 жолку шайлоочунун добушун сатып алуу аракети жана зомбулук, коркутуп-үркүтүү колдонгон 7 учур катталган. Фонддун маалыматы боюнча, эң көп даттануулар президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун дарегине келип түшкөн. Бирок азырынча Жапаровго бир дагы эскертүү берилген эмес.