УКМК Курсан Асановдун жубайын алдамчылыкка шектеп жатат

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов

УКМК президенттикке талапкерлердин биринин аялы алдамчылыкка шектелип жатканын билдирди. Ведомство шектүү жарандын атын атабай, У.К деген аты-жөнүнүн баш тамгаларын гана көрсөткөн.

«Акипресстин» маалыматына караганда, бул Күлнара Үсөнканова, ИИМдин мурдагы орун басары, ушул тапта президенттикке ат салышып жаткан Курсан Асановдун жубайы.

Ага карата сотко чейинки өндүрүш иштери башталганы айтылууда. Талапкердин жубайына карата сотко чейинки өндүрүштүн башталышына чет элдик инвестордун арызданганы себеп болгон. Анын айтымында 2017-2018-жылдары биргелешип иш баштоо үчүн Үсөнкановага 5 млн доллар берген, бирок азыркы күнгө чейин акчасына ала албай келет.

Үсөнканованын адвокаты Таалайгүл Токтакунова кардары тууралуу укук коргоо органдары сурамжылаганын тастыктап, бирок азырынча шектүү деген макамы жок экенин айтты.

Күлнара Үсөнканованын (ЖМКда Гүлнара Үсөнканова деп айтылып жүрөт) ишмердүүлүгүнө укук коргоо органдары бир жыл мурда кызыга баштаган. Анда Үсөнканова суракка чакырылып, адвокаты Икрамидин Айткулов прокуратура ага байланышы бар компанияларды текшерип жатканын айткан.

«Анын [Асановдун] жубайынын бардык компаниялары текшерилип жатат — мурда эле жабылып калган, ал жетекчилик кылган же акциянын белгилүү бөлүгүнө ээлик кылган компаниялар. Үсөнканова күбө катары суралып жатат», — деп айткан юрист ошол кезде.

Анда Башкы прокуратура аны [жубайын] Курсан Асановго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында суралып жатат деп ишендирген болчу. Асанов Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүн штурмга алууда, мурдагы президентти колго түшүп берүүгө көндүргөндөн кийин укук коргоо органдарынын көңүлүн бура баштаган.

2020-жылдын башында Аскер прокуратурасы Күлнара Үсөнкановага карата ишти КЖБРге каттаган— бул Үсөнканова мурда ээлик кылган, бирок кийин жоюлуп кеткен фирмалар салык төлөбөй жүргөндүгүнө байланыштуу болчу. Юстиция министрлигинин базасында азыркы убакта Үсөнканова жетектеген же ээлик кылган фирмалар жок.