Фактчек: Жапаровдун жансакчыларынын бири БШКнын төрайымынын тууганы болуп саналат

«Фактчек» басылмасы президенттикке талапкер Садыр Жапаровду мамлекеттик күзөттүн кызматкерлери коштоп жүргөнү тууралуу дагы бир иликтөө жарыялады. Анда иликтөөчү журналисттер Жапаровду коштоп жүргөн күзөтчүлөрдүн өздүгүн аныктап, алардын бири Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын тууганы болорун ачыкташты.

Шайлдабекованын тууганы деп айтылган күзөтчүнүн аты Адилбек Кармабеков. Соцтармактарда Кармабековдун туулган күнүндө тартылган сүрөт да жарыяланган. Аны куттуктап төрайым да барган.

«БШКнын төрайымы өзүнүн тууганын беткапчан болсо дагы тааныган жокпу? Ал принципиалдуу болгондо Садыр Жапаровго мурда эле эскертүү бермек, бирок бул башка өлкөдө, башка реалдуулукта гана мүмкүн — бирок бизде эмес», — деди «Фактчектин» журналисти.

Ал эми экинчи күзөтчүнүн аты Эраслан Усупов. Буга чейин соцтармактарда анын тапанча салчу баштык тагынып жүргөн тасмасы тараган. Ал эми Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин ал «оюнчук тапанча болушу мүмкүн» деп божомолдогон.

Иликтөөчү журналисттер Жапаровду үгүт иш-чараларында коштоп жүргөн Усупов ал премьер-министр болуп турганда да жанында болгонун оң колундагы тырык менен далилдеп беришти.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Оюнчук тапанча». Жапаровдун өкүлү аны мамкүзөт коштобогонун БШКга далилдөөгө аракеттенди