Өлкөдө коронавирустун 147 жаңы учуру катталды — жалпы 82 138 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 9-январда Кыргызстанда коронавирустун жаңы 147 учуру катталганын маалымдады. Илдетти жуктургандардын арасында эки медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 70;

Чүй облусу — 38 (бир медкызматкер);

Ысык-Көл облусу — 21;

Баткен облусу — 5;

Ош облусу — 5 (бир медкызматкер);

Нарын облусу — 4;

Ош шаары — 3;

Жалал-Абад облусу — 1.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 204 бейтап сакайды — алардын арасында 14 медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 69, Чүй облусунда — 49, Ысык-Көл облусунда — 45, Ош облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 15, Ош шаарында алты, Нарын жана Баткен облустарында төрттөн, Талас облусунда бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирус Бишкек шаарында жана Талас облусунда бирден бейтаптын өмүрүн алды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 82 138ге жетти — алардын ичинен 42 984 бейтапта илдет лабораториялык тастыкталып, калган 39 154 киши ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан. Оорудан 77 751 бейтап айыгып, 1 361 киши көз жумду.

Жалпысынан COVID-19дун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 27 294. Ал эми Чүй облусунда — 11 796, Жалал-Абад облусунда — 9 845, Ош облусунда — 8 306, Ысык-Көл облусунда — 7 355, Баткен облусунда — 7 154, Ош шаарында — 5 534, Талас облусунда — 2 561 жана Нарын облусунда — 2 294киши коронавируска чалдыккан.

Бүгүнкү күндө илдеттен 862 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 53 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 1 232 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.