Адахан Мадумаров добуш берчү участоктун дареги өзгөрүп кеткени белгилүү болду

Адахан Мадумаров. Сүрөт: «Азаттык»

Президенттикке талапкер, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров добуш берчү Бишкек шаарындагы №1211 шайлоо участогунун дареги өзгөрүп кетти. Бул тууралуу «Кактус» басылмасы маалымдады.

«Мадумаров дайыма Архитектуралык-курулуш колледжинде жайгашкан №1211 шайлоо участогунда добуш берип келген. Ал аталган даректеги шайлоо участогуна келгенде, участок №29-мектепке жылып кеткенин аныкталган», — деп маалымдады аталган басылма.

Ал эми Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов №1211 шайлоо тилкеси парламенттик шайлоодон кийин жылдырылганын билдирди. Ошондой эле, ал Боршайком даярдаган картада аталган участоктун жылдырылганы маалымдалган эмес деген.

«Азаттык» басылмасынын кабарчылары аталган участокко барган кезде шайлоо тилкеси № 29-мектепке жылып кеткени боюнча кулактандыруу чаптап жатышканына күбө болушкан.

Сүрөт: Айбек Бийбосунов

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышып жатат. Ошондой эле кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандашат же баарына каршы добуш бере алышат.

Президенттин шайлоодо Адахан Мадумаров президентикке талапкер Садыр Жапаровдун негизги атаандашы.