ИИМ Бишкекте чымыр денелүү балдар башаламандык уюштурат деген маалыматты текшерет

ИИМдин өкүлү Султан Макилов.

ИИМдин өкүлү Султан Макилов милиция Бишкектеги «Достук», Seven Hotel жана «Урмат ордо» мейманканаларында туруксуздук жаратуу үчүн чымыр денелүү жигиттер жашап жатат деген маалыматты текшере турганын брифингде билдирди.

Жыйын маалында журналисттер учурда социалдык тармактарда дал ушундай маалымат бар экенин жана милициянын бул боюнча кабары бар-жогун сурашты.

ИИМдин өкүлү ошондой эле шайлоодон кийин туруксуздукка жол берилбеши үчүн аракеттер көрүүлгөнүн айтты.

Андан сырткары Макилов өз сөзүндө добуш берүү учурунда катталган фактылар азырынча КЖБРге катталбаганын билдирди.

«Маалымат каттоо электрондук журналына 14 маалымат түштү. Ош облусунда — 2 Бишкек шаарында — 9, Талас менен Ысык-Көлдө бирден, Жалал-Абад облусунан бир маалымат түштү. Алардын бардыгы теришитирлип жатат», — деди ал.

Шайлоо участкалары саат 8:00дө ачылгандан кийин электрондук урналар бюллетендерди окубай жатканы тууралуу көп маалымат келгенин кошумчалады.

Ошондой эле, Оштогу №5554 участкасынын сыртында келгендерди тизмеден тактап жаткан аял боюнча ИИМге маалымат келген. Макилов бул маалымат дагы териштирилип жатканын билдирди. Себеби, аларга келген маалымат боюнча аталган аял БШКнын аймактык кызматкери болушу мүмкүн. Ал участкага келгендер кезек күтүп калбашы үчүн сырттан эле алардын аты-жөнүн сурап тактаган. Бирок жыйындагы журналисттер социалдык тармактарда тараган видеодо аталган аял кайсы бир талапкердин атын атап, андан кийин шайлоочулардын аты-жөнүн сурап тактап жатканын айтышты. ИИМдин өкүлү бул боюнча сөзсүз түрдө кошумча маалымат берилерин убадалады.

БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров аларга административдик ресурс колдонулганы боюнча бир билдирүү келген. Атап айтканда Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу шайлоочулардын катышуусун камсыздоо үчүн аларды ташып келүүнү буйруган. Шайназаров бул факты боюнча тиешелүү органдарга кайрылуу болгонун жана аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

10-январда, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо менен мамлекетти башкаруу формасын аныктай турчу референдум өтүүдө. Президенттикке 17 талапкер ат салышууда.