Каракол: Тез татым жайында газ баллон жарылып 20 жашар кыз каза тапты

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 10-январда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында тез тамы жайларынын биринде газ баллон жарылды. Натыйжада 20 жаштагы кыз каза таап, дагы алты адам жабыркап ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерден тартылган видеону фейсбук колдонуучусу Алёна Хоменко жарыялады.

ӨКМдин маалыматына ылайык, тез татым жайында өрт чыкканы тууралуу кабар ведомствого саат 15:16да түшкөн. Өрт толугу менен саат 15:42де өчүрүлгөн.

Буга чейин Таласта дагы тез татым жайында газ баллон жарылып, натыйжада 11 адам жабыркаган.