Өлкө боюнча электрондук урналардын 745 бузулган учуру катталды

«Клооптун» байкоочулары өлкө боюнча электрондук урналардын бузулган учурларын каттап жатышат. Саат 17:43кө чейин өлкө боюнча 745 бузулуу катталып, автоматтык үкөктөр үзгүлтүккө учураган. Эң көп учур Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталды.

Ал ортодо БШКнын адистери электрондук ураналар адамдык фактордон улам бузулуп жатканын айтышууда.

Буга чейин БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бардык шайлоо участкаларына экиден электрондук урналар коюлганын билдирген. Алардын бирөөнө президенттик шайлоонун бюллетендери салынса, экинчиси референдумдун бюллетендерине ылайыкталган. Шайлдабекова 700дөй электрондук урна резервде турганын айткан. Андан сырткары техникалык колдоо көрсөтүү үчүн 600дөй киши атайын окуудан өткөнүн кабарлаган.

«Клооптун» өлкө боюнча 1500ден ашуун байкоочулары бар жана алар ар бир участокто иш алып барышууда. Ошондой эле, аларда «Клооп Медианын» байкоочусу экендигин тастыктаган күбөлүгү бар.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышууда. Ошондой эле кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандашат же баарына каршы добуш бере алышат.

Шайлоо участкаларында эки бюллетень берилүүдө. Ак түстөгүсү президенттик шайлоо үчүн, көгүш түстөгүсү референдум үчүн камдалган. Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө аяктайт.

Ал эми Чыгыш Сахалин, Владивостокто добуш берүү аяктап, алдын ала жыйынтыктар чыкты. Маалыматка ылайык, бул аймактарда талапкер Садыр Жапаров башкаларга караганда көп добуш алган.