Ош: Милиционерлер №5321 участогунда журналисттердин ишине тоскоолдук кылышты

Ош шаарындагы №5321 шайлоо участогунда милиция кызматкерлери «Клооптун» журналисттерине участоктун ичин тартууга тоскоолдук жаратышты. Шайлоо комиссиясынын төрагасы алгач журналисттерди участоктун ичине киргизүүгө каршы болгон эмес, бирок милиционерлер менен сүйлөшкөндөн кийин оюн өзгөртүп жиберген.

Укук коргоо органдары муну «журналисттер шайлоонун купуялуулугун бузуп жатат» деп түшүндүргөн. Бирок журналисттер шайлоочулар добуш берген кабинка менен бюллетендерди тарткан эмес.

«Клооптун» журналисттери Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жана Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов менен байланышка чыгып, мыйзам бузуу тууралуу кабарлаган. Кийинчерээк милиционерлер жана төрага журналисттерге участоктун ичинде түз эфир жүргүзүүгө уруксат беришти.

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өтүүдө. Саат 11ге карата жалпысынан 98 894 адам добуш берди — бул 3 563 574 шайлоочунун 2,78%ы.