Ошто көчмө урна менен добуш берүүдө мыйзам бузулду делген маалымат териштирилүүдө

Жаныбек Асанбеков жарыялаган тасмадан скрин. 

Жаныбек Асанбеков атуу фейсбук колдонуучусу 9-январда Ош шаарындагы №5295 шайлоо участкасында көчмө урна менен добуш берүүдө мыйзам бузулганы тууралуу видеотасма жарыялады. Анда ал көчмө урна менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан башка да жарандар добуш берип жатат деп билдирген.

«Урматтуу Боршайком тез аранын ичинде чара көрүңүздөр. Добуш берүүнүн купуялуулугу сакталган эмес. Мыйзам бузуу бүгүн эле башталды. Элдин добушу уурдалып жатат», — деп жазган Асанбеков.

Аталган тасмадан эки карыядан сырткары бир кишинин жана бир аялдын добуш бергенин көрүүгө болот. Ошондой эле, шайлоо участкасынын кызматкеринин «ошондо төртөө өттү бул жерден» деп айтканын угууга болот.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан «Клоопко» аталган окуя боюнча териштирүү иштери башталганын маалымдашты.

Ал эми Ош аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Расул Кадыров «Азаттык» басылмасына тасмадан мыйзам бузуу болгонун аныктай алышпаганы үчүн кызматкерлер териштирүү максатында видео тартылган жерге кеткенин айткан.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышып жатат. Ошондой эле кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандашат же баарына каршы добуш бере алышат.