Сооронбай Жээнбеков добуш берди жана кайсы башкаруу формасын тандаганын айтты

Сооронбай Жээнбеков. Сүрөт: «Reporter.kg»

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги №1327 шайлоо участогунда добуш берди.

«Reporter.kg» басылмасы Жээнбеков участокко саат 9:00дө келгенин кабарлады. Басылманын журналисти Жээнбеков референдумда «президенттик башкаруу» үчүн добуш бергенин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо 54,76% добуш алган. Ал эми 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин массалык толкундоолорго байлыштуу Жээнбеков 16-октябрда отставкага кеткен.

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өтүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, өлкөдө 3 563 574 шайлоочу бар.