Садыр Жапаров «элдин ишенимин актаймын» деп убада берди

Сүрөт: Бакыт Төрөгелди уулу/Azattyk

Президенттик шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Садыр Жапаров шайлоодон кийин маалымат жыйын курду. Анда ал кыргызстандыктарга кайрылып, ага колдоо көрсөткөндөрүнө ыраазычылык билдирди.

«Көпчүлүгүңүздөр менин талапкерлигимди колдогонуңуздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин мага берген көпчүлүк добушуңуздар, мага дагы да, мындан да чоң дем-күч берди», — деди ал.

Ошондой эле Жапаров «өлкө өтө оор мезгилге туш келгенде бийликке келгенин» белгилеп, мындан улам «жакынкы 3-4 жылда ага элдин колдоосу көбүрөөк керек болоорун» айтты.

«Жакынкы аралыкта экономикалык абалыбызды жөнгө салып, 2-3 жылдан кийин кризистен чыгып кетээрибизге толук көзүм жетет. Ал үчүн бизге саясий стабилдүүлүк зарыл. Биздин өлкөдө акыркы 30 жылда бир эле нерсе калыптанып калган. Ал — коррупция. Жөн эле коррупция эмес, саясий, экономикалык коррупция жана кландык башкаруу. Мындан ары мындай акмакчылыкка жол бербейбиз», — деди Жапаров.

Мындан сырткары ал «элдин ишенимин актаймын» деп убалады.

10-январда президенттик шайлоо менен өлкөнүн башкаруу формасын аныктай турчу референдум өттү. БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады.

Ага ылайык, президентикке талапкер Садыр Жапаров 79,15% менен алдыда келе жатат. Ал эми Жапаровдун негизги атаандашы Адахан Мадумаров болсо 6,69% добуш алган. Ал эми үчүнчү орунда 2,32% менен Бабур Төлбаев бар.

Ал эми референдумда шайлоочулардын 81%ы президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламентаризм үчүн 10,93% шайлоочу добуш берсе, экөөнө тең каршы белгисин 4,45%ы койгон.

Кыргызстанда жалпысынан 3 563 574 добуш берүү укугуна ээ болчу, бирок анын 1 404 950сү гана добуш берди — бул шайлоочулардын дээрлик 40%ын түзөт.