Видео: Ошто №5276 шайлоо участогунда аялдар тизме менен турушат

«Сейчас.kg» телеграмм каналында жарыяланган тасмадан скрин

Ош шаарындагы №5276 шайлоо участогунун алында бир нече аялдар колуна шайлоочулардын тизмесин кармап турушкан. Тасманын автору алты адам ушундай тизме көтөрүп жүргөнүн билдирди.

«Демек ар ким өзүнүн шайлоочусун күтүп турат» деп комментарий берген ал. Тасма «Сейчас.kg» телеграмм каналында жарыяланды.

Видеонун автору тизме кармап турган аялдарга «Эмнеге мындай кылып тизме кармап турасыңар? Ар бир шайлоочу өздөрү билип добуш бериши керек да» деп берген суроосуна «Туптуура. Бирок унаада шайлоочуларды алып келиш керек дегенинен турабыз» деп жооп берген.

Мындан тышкары шайлоочуларды тизме көтөргөн адамдар күтүп турганы боюнча жарандык активист Гүлгаакы Мамаселиева фейсбукта кабарлады.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышып жатат. Ошондой эле кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандашат же баарына каршы добуш бере алышат.