Видео: Ошто милиционерлер көз карандысыз байкоочуларга тоскоолдук кылышты

Көз карандысыз байкоочулар Гүлгакы Мамасалиева жана Акылай Каримованы Ош шаарындагы №5903 шайлоо участкасынан чыгарып салуу аракети болду.

Мамасалиева фейсбук баракчасына жарыялаган тасмадан милиционер аларга аталган шайлоо участкасынын төрагасы кайрылгандыктан участокко киргизе албашын айткан. Ал эми байкоочулар эч кандай эреже бузушпаганын жана аларды участоктон чыгарып салуу мыйзамсыз экенин билдирген.

«Тоскоолдукту силер жана төрага жаратып жатасыздар, УКМКны чакырам жана башка деп [...] Мен мыйзам чегинде өзүмдүн укугумду билемин. Байкоочу катары мен видео тартууга укугум бар. Мен болгону төрагадан комиссия мүчөлөрүнүн тизмесин сурадым», — деген Мамасалиева.

Ал эми милиция кызматкери байкоочу байкоочулар отуруучу жайдан видео тартууга болоорун айтып, участоктун ичине киргизбей койгонун тасмадан көрүүгө болот.

Буга чейин Өзгөн районунун Шералы айылында да №5057 шайлоо участкасына милиционерлер «Клооптун» байкоочуларын участоктон чыгарып, видео тартууга уруксат бербей жатышкандыгы маалымдалган.

Мындан сырткары Ош шаарындагы № 5308 шайлоо участкасында да УШКнын төрайымы байкоочуга видео тартууга тыюу салган. Байкоочунун «добуш берүү купуялуулугун бузбай 1,5 метр аралыкты сактап тартууга укугум бар» деп айтканына карабай, ал «10 метрден да тартууга уруксат жок» деп айткан.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум болуп өттү.

Боршайком президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 1 178 656сы келгенин маалымадады. Бул шайлоочулардын жалпы санынын 38,08%ын түзөт.

Ошондой эле, Кыргызстандагы башкаруу формасы боюнча референдумдун алдын ала жыйынтыктары да жарыялады. Президенттик башкаруу формасы үчүн шайлоочулардын 80,84%ы добуш берди.

Ал эми парламентаризмди 10,73% шайлоочу колдогон. Баарына каршы деп 4,38% шайлоочу добуш берген.

Өлкө боюнча 3 563 574 киши шайлоо укугуна ээ. Кыргызстандын аймагында жалпысынан 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкалары ачылды. Жалпысынан 80 пайыздан ашуун урнадан маалыматтар БШКга келип түштү.

Жалпысынан 1 159 905 шайлоочу добуш берген — бул жалпы шайлоочулардын 32,55 пайызын түзөт. Бул маалыматтар дагы жаңыртылып турат.