ИИМ: Шайлоого байланыштуу 112 бузуу фактысы катталды, анын 10у тергелүүдө

Борбордук шайлоо комиссиянын ыкчам чара көрүүчү координациялык тобунун мүчөлөрү 10-январдагы брифингде президенттик шайлоодо жана референдумда катталган бузуулар боюнча маалымат берди. Бул топко Боршайком, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү кирет.

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Кубан Адыл уулу мекемеге жалпысынан 52 билдирүү түшкөнүн кабарлады. Анын 50ү тиешелүү укук коргоо органдарына карап чыгуу үчүн жиберилген.

«Ал эми бизге түздөн-түз каралган эки билдирүү болгон: бул Панфилов жана Кара-Суу районундагы милиция кызматкерлеринин аракеттери боюнча», — деди Адыл уулу.

Прокуратуранын өкүлү милиционерлердин аракеттеринде бузууларды аныкталбагандыгын кошумчалады.

ИИМдин басма сөз кызматы шайлоого байланыштуу жалпысынан 112 бузуу фактылары катталганын маалымдады. Алардын 78и 10-январга чейин, 34ү шайлоо учурунда катталган.

«Катталган 112 фактынын ичинен, 102 фактысы боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, 7 факты кылмыш, 3 факты жорук боюнча сотко чейинки өндүрүштөр жүргүзүлүүдө», — деп билдирди Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов.

Урмамбетов 4-октябрдагы өткөн парламенттик шайлоого салыштырмалуу кечээги президенттик шайлоодогу мыйзам бузуулары 468 учурга же 80,7% аз болгонун кабарлады.

*ИИМдин маалыматына ылайык, парламенттик шайлоодо жалпы 580 мыйзам бузуу боюнча маалыматтар катталып, анын ичинде 175 кылмыштар, 115 жоруктар, 18 бузуулар жана ар түрдүү маалыматтар боюнча 272 факты катталган.

Ал эми БШКга шайлоодогу бузуулар боюнча 50 маалымат түшкөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров эң көп даттануулар талапкер Садыр Жапаровго түшкөнүн белгиледи.

10-январда президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өттү. БШКнын алдын ала эсептөөлөр боюнча президенттик шайлоодо талапкер Садыр Жапаров шайлоочулардын дээрлик 80 пайызынын добушун алган. Ал эми президенттик башкаруу формасын шайлоочулардын дээрлик 81% пайызы колдогон. Жапаров өзү президенттик башкарууну колдоп келет.