Путин Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Өз куттуктоосун ал телеграмма аркылуу жолдогон.

Путин Жапаровдун президент катары иши «орус-кыргыз байланыштарынын мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө болот» деп эсептейт.«Сизге ийгилик жана бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайм», — деп айтылган телеграммада.

Буга чейин Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дагы куттуктап, кызматка бекитилгенден кийин Казакстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырган.

Кезексиз президенттик шайлоо

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда башкаруу формасын тандоо боюнча референдум менен бир күндө өттү. Эл парламенттик же президенттик башкаруу формасы үчүн же эки вариантка тең каршы добуштарын бериши керек болчу.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Жапаров шайлоодо башка талапкерлерден алдыга озуп чыккан — ал добуштардын 80%ынан көбүнө ээ болгон.

Ал эми референдумда добуштардын 80%ынан көбү президенттик башкаруу формасы үчүн берилген.

Шайлоонун алгачкы алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин Жапаров басма сөз жыйын куруп, «80%дан ашык добушка ээ болорун күтпөгөнүн» билдирген.

«Урматтуу кыргызстандыктар, добушуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем», - деген Жапаров, болгону 50-60% добуш алам деп күткөнүн кошумчалап.

Жапаровдун бийликке келиши

10-январда өткөн Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин орун алган саясий кризистин кесепети.

Андан кийин Кыргызстанда бийлик алмашкан, ал эми жакында эле тарапташтарынын колдоосу менен колониядан бошогон Садыр Жапаров президенттин м.а. кызматын ээлеген.

Ошондой эле Жапаров башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду да демилгелеген. БШКнын маалыматы боюнча, 10-январда өткөн президенттик шайлоодо Жапаров шайлоочулардын 84% добушуна ээ болгон, ал эми референдумга шайлоочулардын 38,88%ы катышып, алардын 85,43%ы президенттик башкаруу формасы үчүн добуш берген.