Кыргызстанда коронавирустун 115 жаңы учуру катталды — жалпы 82 495 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 12-январда өлкөдө коронавирустун жаңы 115 учуру катталганын маалымдады. Жаңы учурлардын 67си лабораториялык тастыкталган, ал эми калган 48 бейтап ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыкты.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 47. Ошондой эле Чүй облусунда — 43, Ысык-Көл облусунда 12, Ош облусунда беш, Жалал-Абад жана Талас облустарында үчтөн, Нарын облусунда эки кишиден COVID-19 инфекциясы аныкталды.

Өткөн суткада коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 178ди түздү — анын ичинде 12 медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 60, Чүй облусунда — 43, Ысык-Көл облусунда — 28, Баткен облусунда — 14, Жалал-Абад облусунда — 12, Ош облусунда сегиз, Нарын облусунда жети, Талас облусунда төрт жана Ош шаарында эки бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирус Бишкек шаарында эки жана Ысык-Көл облусунда бир бейтаптын өмүрүн алды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 82 495ке жетти. Анын ичинен 78 181 бейтап айыгып, 1 374 киши көз жумду.

Жалпысынан COVID-19дун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 27 093. Ал эми Чүй облусунда — 11 826, Жалал-Абад облусунда — 9 855, Ош облусунда — 8 321, Ысык-Көл облусунда — 7 398, Баткен облусунда — 7 163, Ош шаарында — 5 534, Талас облусунда — 2 568 жана Нарын облусунда — 2 296 киши коронавируска чалдыккан.

Бүгүнкү күндө илдеттен 808 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 49 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 1 203 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.