Мыктыбек Арстанбек «Нур» деген аталышта саясий партия ачканын кабарлады

Кезексиз президенттик шайлоодо талапкерлигин көрсөткөн Мыктыбек Арстанбек Инстаграм барагында «Нур» деген аталышта саясий партия ачканын кабарлады. Анын айтымында, президенттик шайлоодон кийин анда жаңы максаттар жаралган. Эми ал саясий багытта өнүгүүнү пландап жатат. Саясатчынын алдын ала койгон максаттары — ишкерликти өнүктүрүү, жеке өнүгүү жана саясий майдан.

«Саясий майданда Ислам динин жайылтуу жана жалпы элге жеткирүү. Бул шайлоодо биз көп нерселерди ачтык өзүбүзгө. Караңыздар, эмне үчүн шайлоого адамдар аз катышты деп жатабыз? Буга чейинки себептерин айта берсек, себептери көп, аны башкалардын бардыгы айтып жатат. А биз башка нерсени көрдүк. Миллионго жакын эле адам келген болсо, демек калган үч миллион адамдын али атуулдук аң сезими өсө элек», — деди Мыктыбек Арстанбек.

Ал өлкө калкынын саясий сабаттуулугун жогорулатуу үчүн жарандык активдүүлүктү дагы өнүктүрүүнү пландап жатканын билдирди.

«Алдыда иштер көп. Менин социалдык барагыман алыс кетпеңиздер. Мына саясий партия түзөбүз дедик, каттоодон дагы өттүк, “Нур” деген саясий партияны ачтык», — деди Арстанбек.

Арстанбек партиясы диний максаттарга басым кылабы-жокпу түшүндүрүп берген жок. Кыргызстандын колдонуудагы Конституциясынын 4-беренесинде «диний, этностук негизде саясий партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө» тыюу салынат.

Мыктыбек Арстанбек деген ким?

Мыктыбек Арстанбек — журналист жана халал-өнөр жайын өнүктүрүү борборунун башчысы. Негизинен ал тууралуу маалымат аз: ал бир убакта КТРде, андан кийин ЭлТРде иштеп кеткен. Ошондой эле ал мугалим да болуп эмгектенген, мындан тышкары, Кыргызстандын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер деген наамдын ээси.

Ал 29-декабрда өткөн теледебаттардын биринчи турунда адамдарда «жоопкерчилик пайда болушу үчүн» өлкөдө шариат мыйзамдарын киргизүү керектигин айткан. Арстанбектин айтымында, экономикалык реформалар дагы ислам экономикасынын негизинде жүргүзүлүшү керек. Ал дебаттагы жыйынтыктоочу сөзүндө «Кыргызстан мусулман өлкөсүнө айланмайын өнүгө албайт» деп билдирген.

10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Мыктыбек Арстанбек добуш берүүгө келген шайлоочулардын 1,74%на ээ болуп, үчүнчү орунга чыккан. Мындан тышкары, ал шайлоо программасында диний күн тартибин дагы сүрөмөлөгөн. Анын программасынын «Бүгүн ыймандын убагы» деген пунктунда «атеисттик караңгылыктан арылуу» тууралуу айтылат.

Арстанбек шайлоо кампаниясына 1 млн содон бир аз эле ашык каражат жумшаганы дагы белгилүү.

Шайлоо атаандаштыгында Садыр Жапаров алдыга чыккан. БШКнын кол санагына ылайык, Жапаров кыргызстандыктардын 81,56%на ээ болгон.

Жалпысынан президенттик шайлоого аныкталган 3 млн 563 миң жарандын ичинен 39,75%ы катышкан — бул 1 млн 416 миң адам.