УКМК: Пара берүү учурунда соцфонддун Таластагы башчысы кармалды

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматкерлери 11-январда Социалдык фонддун Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ызабек Исламбекти кармаган. Ал күч органынын өкүлүнө пара берип жаткан учурда колго түшкөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө кызматынын версиясы боюнча, кармалган адам сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерине 70 миң пара сунуштаган. Ал Социалдык фонддун Талас райондук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан иш сапарларды каржылоого бөлүнгөн бюджеттик каражатарды ыйгарып алуу фактысына байланыштуу.

Күч түзүмдөрү «Пара берүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган жана тергөө уланууда. Соцфонддун башчысы Талас ОИИБнин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Буга чейин 2020-жылдын ноябрында соцфонддо коррупцияга байланыштуу дагы бир чуулу иш катталган. Анда УКМКнын кызматкерлери фонддун башчысы Медер Ирсалиевди «мыйзамсыз акча талап кылууга» шектеп кармаган.

Мурдарак Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ведомствонун аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилеринен системалуу түрдө кыйнап акча чогулткан Соцфонддун кызмат адамдарынан турган топ аныкталганын кабарлаган.

Ирсалиев УКМКнын ТИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ошол эле жерде атайын кызмат тарабынан мурда кармалган Соцфонддун аппарат башчысы да кармалууда.