Өлкөдө коронавирустун 92 жаңы учуру катталды — анын 51и Бишкекте

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 13-январда өлкөдө коронавирустун жаңы 92 учуру катталганын маалымдады. Жаңы учурлардын 34ү лабораториялык тастыкталган, ал эми калган 58 бейтап ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыкты.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 51. Ошондой эле Жалал-Абад жана Чүй облустарында ондон (бир медкызматкер), Ош шаарында тогуз, Ош облусунда беш, Ысык-Көл жана Нарын облустарында үчтөн, Баткен облусунда бир кишиден COVID-19 инфекциясы аныкталды.

Өткөн суткада коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 177ти түздү — анын ичинде сегиз медкызматкер бар.

Коронавирустан Чүй облусунда — 53, Бишкек шаарында — 51, Ысык-Көл облусунда — 26, Баткен жана Ош облустарында ондон, Жалал-Абад жана Нарын облустарында сегизден, Ош шаарында жети жана Талас облусунда төрт бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирус Бишкек шаарында бир бейтаптын өмүрүн алды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 82 587ге жетти. Анын ичинен 78 358 бейтап айыгып, 1 375 киши көз жумду.

Жалпысынан COVID-19дун аймактар боюнча көрсөткүчү:

Бишкек шаарында — 27 542;

Чүй облусунда — 11 879;

Жалал-Абад облусунда — 9 865;

Ош облусунда — 8 326;

Ысык-Көл облусунда — 7 401;

Баткен облусунда — 7 164;

Ош шаарында — 5 543;

Талас облусунда — 2 568;

Нарын облусунда — 2 299.

Бүгүнкү күндө илдеттен 810 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 44 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 1 113 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.