Өзгөндө жеке оорукана өрттөнүп, бир киши ооруканага түштү

Ош облусунун Өзгөн шаарындагы жеке менчик оорукананын имараты өрттөнүп, бир киши жарадар болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-январда аталган шаардын Манас көчөсүндө жеке менчик клиникалардын биринин имаратында өрт чыкканы тууралуу маалымат түшүп, ага саат 18:09дан баштап жалпы үч бөлүм тартылган.

Соцтармакка тараган видеодон оорукананын өрттөнүп жатканын, өрт өчүрүүчү унаа болсо бак-даракты аралап келе жатканын көүүгө болот. Ал эми тасманын автору өрт өчүрүүчүлөргө «туура эмес жолдон келди» деп нараазы болгон.

«Биздин өрт өчүрүүчүлөр жинди эй, жол турса тешиктен кирип келишет. Жинди да, ушул жактан келеби?! Оорукана мына өрттөнүп жатат», — деген ал.

Өрт толугу менен саат 21:42де өчүрүлүп, анын кесепетинен 75 жаштагы киши экинчи даражадагы күйүк алып ооруканага түшкөн. Ошондой эле, өрт чыккан жерден 11 адам куткаруучулар тарабынан коопсуз жайга чыгарылган.

Ал эми оорукананын жалпы чатырынын 150 чарчы метри жана ички жасалгасынын 151 чарчы метри күйүп кеткен.