Акыркы суткада коронавирустун жаңы 155 учуру катталды, эки бейтап каза болду

Республикалык штабдан 21-январда коронавирустун жаңы 155 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 47синде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 108инде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 42;

Чүй облусу — 63;

Жалал-Абад облусу — 11;

Ош облусу — 12;

Баткен облусу — 3;

Ысык-Көл облусу — 11;

Талас облусу — 1;

Ош шаары — 6;

Нарын облусу — 6.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 83 585ке жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 27 904. Ал эми Чүй облусунда — 12 208, Ош облусунда — 8 375, Жалал-Абадда — 9 911, Ысык-Көлдө — 7 535, Ош шаарында — 5 571, Баткенде — 7 180, Нарын облусунда — 2 325 жана Талас облусунда — 2 576 учур катталды.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2 879.

Ошондой эле, акыркы суткада 136 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 56, Чүй облусунда — 37, Жалал-Абад облусунда — 7, Ош облусунда — 9, Баткен облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 13, Нарын облусунда — 7, Талас облусунда — 2 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 79 509 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 708 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 33 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 044 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 394 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде бир медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 161ге жетти, анын ичинен 4 067 медкызматкер илдеттен айыкты.