Каржы полициясы сулуулук салонун жамынган онлайн кумаркананы аныктады

Каржы полициянын Жайыл жана Панфилов райондору боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Кара-Балта шаарында оюн-зоок клубун аныктады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоо органдары тинтүү учурунда «Лаванда» сулуулук салону иш жүзүндө онлайн кумар оюндары менен жашыруун оюн-зоок клубу болгонун аныктаган.

«Тинтүү учурунда атайын программалык камсыздоо, акча каражаттары жана башка нерселер менен компьютердик жабдуулар табылган. Ошондой эле, имараттын ичинде кардарлар (оюнчулар) болгон», — деп берилет билдирүүдө.

Каржы полициясы бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Кыргызстанда казиного 2012-жылы тыюу салынган. Арадан үч жыл өткөн соң, тагыраагы 2015-жылы өлкөдө букмекер контораларынын да ишмердиги чектелген.

Бирок ага карабастан өлкөдө көмүскө кумарканалар иштеп келет. Көпчүлүк учурда алар интернет-клуб же оюн-зоок имараттары катары катталат.